Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Ново-Вознесеновка Боз-Учук айылындагы жаңы мектептин курулушунун даярдыгы 80% ды түзөт. Бүгүнкү күндө подряддык уюм тарабынан ички жасалгалоо иштери, сырткы фасадтын декорациялары жана аймакты көрктөндүрүү боюнча жумуштары жүргүзүлүүдө. Эске салсак, мектептин долбоордук кубаттуулугу 375 орунду түзөт.
Иштин бекитилген графигине ылайык, курулуш иштери ушул жылдын аягына чейин бүткөрүлөт.