КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ АРХИТЕКТУРА, КУРУЛУШ ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК ЧАРБА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИ

Бүгүн  курулуш индустриясынын 19-Эл аралык конгресс жана көргөзмө форумунун салтанаттуу ачылышы ѳттүү


Бүгүн 2022-жылдын 26 апрелинде,  Борбордук Азиядагы эң мыкты беш ири көргөзмөлөрдүн катарына кирген Кыргыз Республикасындагы курулуш индустриясынын негизги жылдык көргөзмөсү, “Курулуш, Энергетика, Атайын техника жана Коопсуздук” аттуу 19-Эл аралык конгресс жана көргөзмө форумунун салтанаттуу ачылышы ѳттүү.

         Белгилей кетсек, көргөзмөлөр төмөнкүлөрдүн колдоосу астында өткөрүлөт:

  • Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы инвестиция боюнча улуттук агенттиги;
  • Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги;
  • Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги;
  • Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги;
  • Бишкек шаарынын Мэриясы.

Ошондой эле адистештирилген бирикмелердин расмий колдоосу менен:

  • ЖИА Бизнес-ассоциациясы;
  • Кыргыз Ишкерлер жана өнөр жайчылар биримдиги;
  • Кыргыз Республикасындагы Америкалык соода палатасы (AmCham);
  • Кыргыз Республикасынын Долбоорчуларынын ассоциациясы;
  • Кыргыз Республикасынын Куруучулар биримдиги;
  • Чакан ГЭСтердин ассоциациясы;
  • Шамал жана күн энергия электр станцияларынын ассоциациясы.

Быйыл биргелешкен көргөзмөгө 10 мамлекеттен 80ден ашуун компаниялар катышат: Беларусь, Германия, Индия, Иран, Казахстан, Китай, Кыргызстан, Польша, Россия, Турция. Көргөзмөнүн өнөктөш өлкөсү – Индия Республикасы. Биринчи жолу иш-чарага Көргөзмөдө Липецк облусун Экспортту колдоо борборунун жана биринчи жолу Омск облусунун Экспорттук колдоо борборунун жамааттык экспозициясы тартууланат. Ошондой эле, Индиянын экспорттук уюмдар федерациясынын жамааттык экспозициясы көрсөтүлгөн.

Көргөзмөгө катышуучулардын географиясы 180 ири өндүрүш ишканаларынын расмий өкүлдөрү болгон кыргыз компанияларынын катышуусу менен толукталат. Көргөзмөнүн алкагында КЫРГЫЗСТАНДА ЖАСАЛГАН курулуш технологияларынын жана курулуш продукцияларынын презентациялары болуп өтөт.

Форумдун алкагында курулуш, жарык жана энергия, ички жасалгы, коопсуздук тармагында Казахстандын, Кыргызстандын жана Россиянын алдыңкы адистеринин семинарлары өтөт.

 «Форумдун» өзгөчөлүгү – курулуш, энергетика, атайын жабдыктар тармагында иштеген мамлекеттик органдардын, ишкер чөйрөлөрдүн жана коомчулуктун өкүлдөрүн бириктирип, сапаттуу жана натыйжалуу социалдык маанилүү көйгөйлөрдү талкулоо, тажрыйба алмашуу, акыркы улуттук жана чет өлкөлүк өнүгүүлөр менен таанышуу. Экспозициялардагы жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтип, ишкердик байланыштарды жана келишимдерди түзүүгө, ой-пикирлерди жана жаңы технологияларды алмашууга, тармактын адистери менен актуалдуу темаларды талкуулоого мүмкүндүк берет.

Көргөзмөнү курулуш, энергетика, атайын жабдуулар тармагындагы адистер, өлкөнүн бардык аймактарында иштеген курулуш компаниялардын кызматкерлери, мекендештер жана борбордук калаабыздын коноктору, ошондой эле чет өлкөлүк коноктор жана ар кандай курулуш индустриясынын адистеринин кызматкерлери катышууда.

ГОСУДАРСТВЕННОЕ АГЕНТСТВО АРХИТЕКТУРЫ, СТРОИТЕЛЬСТВА И ЖИЛИЩНО-КОММУНАЛЬНОГО ХОЗЯЙСТВА ПРИ КАБИНЕТЕ МИНИСТРОВ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ.© 2022
Наш адрес:
Кыргызская республика, г.Бишкек, проспект Манаса 28
Почтовый индекс: 720001
Телефон: +996 (312) 61-36-97
Факс: +996 (312) 61-34-52
Общественная приемная: +996 (312) 31-29-22
E-mail: pressa@gosstroy.gov.kg