КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги

2020-ж 8 айдын ичинде  1040 квалификациялык сертификат берилген


2020-жылдын жарым жылында КР Мамкурулушунун жөнгө салуучу иш-аракети бөлүмү тарабынан курулуш тармагынын адистери үчүн 1040 мамлекеттик квалификациялык сертификат таризделген.

Бөлүмдүн маалыматында, кийинки адистердин иш түрлөрү боюнча долбоорчулар – 301 адистине, келишимдүү адистер – 37, инжиниринг кызматы боюнча – 292, курулуш материалдарын жана конструкцияларды өндүрүү боюнча адистер -7, ошондой эле 403 курулуш-монтаждоо иштери боюнча адистери алышты.

Бул квалификациялык сертификаттардын колдонуу мөөнөтү 5 жылды түзөрүн белгилей кетүү зарыл. Ошентип, отчеттук мезгилде 1040 сертификаттын жалпы санынын ичинен колдонуу мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу 615 адистин квалификациялык сертификаттары узартып берилген. Компетентсиздикке байланыштуу 68 адистерге сертификаттарды берүүдөн баш тартылган.

Государственное Агентство по архитектуре, строительству и жилищно-коммунальному хозяйству при Правительстве КР.© 2015
Наш адрес:
Кыргызская республика, г.Бишкек, проспект Манаса 28
Почтовый индекс: 720001
Телефон: +996 (312) 61-36-97
Факс: +996 (312) 61-34-52
Общественная приемная: +996 (312) 31-29-21
E-mail: pressa@gosstroy.gov.kg