КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ АРХИТЕКТУРА, КУРУЛУШ ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК ЧАРБА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИ

2021 жылдын биринчи жарым жылдыгында Мамкурулуштун “Курулушсертификаттоо”  Борборунун лабораториялары  6288  сертификаттоо сыноолорду  жүргүздү


Мамкурулуштун “Курулушсертификаттоо”  Республикалык борборунун аккредитациаланган лабораториялардын адистери тарабынан 2021-жылдын 4 айдын ичинде, курулуш  материалдарына, буюмдарга жана конструкцияларга – 6288  сертификаттоо, көзөмөлдөө жана жеринен сыноолор жүргүзүлдү.

Анын ичинен: 1034 сертификациалык сыноолор, номенклатура боюнча: кен эмес материалдар, бетон аралашмалары, бетон жана темир бетон контрукциялары, курулуш кургак аралашмалары, карапа кышы, болот арматуралары, жол материалдары  үстөмдүк кылат; 5254  көзөмөлдөө жана жеринен  сыноолор, номенклатура боюнча: кен эмес материалдар, бетон  аралашмалары, бетон жана темир бетон контрукциялары, таш конструкциялары, арматурадан күрөөгө коюу буюмдары, темир бетон конструкциялары үчүн ширетилген арматура  бирикмелери үстөмдүк кылат.

Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында, баардыгы болуп 505  шайкештик сертификаты берилип, мамлекеттик реестрге киргизилди.

Берилген сертификаттардын жалпы санынан 223 республикада өндүрүлгөн курулуш продукциясына жана  232  –  республикага алып келинүүчү курулуш продукциясына берилген.

Берилген сертификаттардын жалпы санынан:

 – 29.01.2010 ж. №18 Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын “Техникалык регламент. Курулуш материалдарынын, бюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугу”   талабына жооп берген –  449 ш/с  берилди;

– ТР ТС 014/2011 “Унаа жолдорунун  коопсуздугу” Бажы уюмунун  Техникалык регламентинин талабына жооп берген – 5 ш/с берилди.

– ББ ТР 003/2011 “Темир жол транспортунун инфраструктурасынын коопсуздугу” Бажы биримдигинин Техникалык регламентинин талабына жооп берген – 1 ш/с берилди.

Өз каалоосу менен ыктыярдуу түрдө сентификаттоо боюнча  – 50 ш/с берилди.

Белгилесек,  2020 жылдын аралыгында  103 мекеме 599  ченемдик документтер менен  камсыз болуп, 61 инженердик-техникалык жумушчу квалификациясын жогорулатты.

 

 

 

 

Государственное Агентство по архитектуре, строительству и жилищно-коммунальному хозяйству при Правительстве КР.© 2015
Наш адрес:
Кыргызская республика, г.Бишкек, проспект Манаса 28
Почтовый индекс: 720001
Телефон: +996 (312) 61-36-97
Факс: +996 (312) 61-34-52
Общественная приемная: +996 (312) 31-29-21
E-mail: pressa@gosstroy.gov.kg