КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ АРХИТЕКТУРА, КУРУЛУШ ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК ЧАРБА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИ

2021 жылдын 5 айдын ичинде Мамкурулуштун “Курулушсертификаттоо”  борбору  387 шайкештик сертификаттарын берди


Мамкурулуштун “Курулушсертификаттоо”  Республикалык борборунун аккредитациаланган лабораториялардын адистери тарабынан 2021-жылдын 5 айдын ичинде, курулуш  материалдарына, буюмдарга жана конструкцияларга – 4990  сертификаттоо, көзөмөлдөө жана жеринен сыноолор жүргүзүлдү.

Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында, баардыгы болуп 387  шайкештик сертификаты берилип, мамлекеттик реестрге киргизилди.

Берилген сертификаттардын жалпы санынан 159 республикада өндүрүлгөн курулуш продукциясына жана  183  –  мамлекетке  алып келинүүчү курулуш продукциясына берилген.

Белгилесек, 194 билдирүүчү-организациялардын суроо-талаптарынын негизинде 3895  шайкештик сертификаттардын көчүрмөлөрү берилип, 88 мекеме  434  ченемдик документтер менен  камсыздалган. Ошондой эле, борбордон  38 адам  окуп жана квалификациясын жогорулатты.

Государственное Агентство по архитектуре, строительству и жилищно-коммунальному хозяйству при Правительстве КР.© 2015
Наш адрес:
Кыргызская республика, г.Бишкек, проспект Манаса 28
Почтовый индекс: 720001
Телефон: +996 (312) 61-36-97
Факс: +996 (312) 61-34-52
Общественная приемная: +996 (312) 31-29-21
E-mail: pressa@gosstroy.gov.kg