Мамкурулуштун регулятивдик бѳлүмү 2022-жылдын башынан бери, мамлекеттин аймагында курулуш иштерин жүргүзүүгө 143 лицензиясын тариздеген.
Лицензиялардын жалпы санынан, региондук маани боюнча Бишкек шаарында – 76, Чүй облусу – 13, Талас – 2, Ысык-Көл -9, Ош – 32, Жалал-Абад – 6 жана Нарын –5 лицензиялары берилген.
Жалпысы, Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарына – 142 жана 1 жеке ишкерге лицензиясы берилген. Биринчи жолу 99 уюм лицензиясын алышкан, калган уюмдар аткарылып жаткан иштердин жоопкерчилигинин деңгээлин жогорулатууга жана иштин кошумча түрлөрүн киргизүүгө байланыштуу лицензияларын кайра тариздешкен.