Мамкурулуш агенттиктин жөнгө салуучу иш бөлүмү тарабынан 2022-жылдын 5 айдын ичинде курулуш тармагынын адистери үчүн 1077 мамлекеттик квалификациялык сертификаттарын берди.
Берилген сертификаттардын жалпы санынан 437 адис баштапкы жана 640 адистерге мөөнөтсүз сертификат берилген.
Бардык иштин түрлөрү боюнча долбоорчуларга–314, излдѳѳчүлѳргѳ – 50, инжиниринг кызматы боюнча адистерге – 260, курулуш материалдарын жана конструкцияларды өндүрүү боюнча адистерге – 28, жана курулуш-монтаждоо иштери адистерге боюнча – 425 квалификациялык сертификаттары берилген.
Белгилей кетсек, 53 адистерге компетентсиздикке байланыштуу сертификат берүүдөн баш тартылган.