КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги

Чүй регионалдык архитектурасы санарип оптимизацияланган “Бирдиктүү терезенин” ишке ашырылганын көрсөттү


Бүгүн 2019-жылдын 6-декабрында, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековдун 2019-жылды “Санарип Кыргызстан – региондорду өнүктүрүү” маселелери боюнча Чүй регионалдык шааркурулушу жана архитектура башкармалыгы аткарган санарип иш чаралардын максатында оптимизацияланган   “Бирдиктүү терезенин” ишке ашырылганын көрсөттү.

Иш алкагында, башкармалыктын башчысы Мелис Мырзакулов курулуш тармагындагы “Бирдиктүү терезе” программасынын оптималдаштырылган шарттарын сунуштады. Анын айтымында, “Бирдиктүү терезе” мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн ачык-айкындыгын камсыздоо, коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу, оптимизациялоо максатында түзүлгөн курулуш чөйрөсүндө уруксат берүү жол-жоболорун оптималдаштыруу, курулуш тармагында жагымдуу шарттарды түзүү жөнүндө айтып берди.

Чүй регионалдык шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы “Бирдиктүү терезе” бөлүмү  жарандардан арыздарды кабыл алууда,  Мамкурулуш Мамлекеттик  агенттигинин борборлоштурулган жаны программасына (Онлайн режим) туташтырылып, арыз кабыл алуу иштери белгиленген тартипте жүрүүдө.

Ошондой эле Мамкурулуш көрсөтүлүп жаткан документтерди долбоорлоого жана курууга мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнү жакшыртуу боюнча негизги милдеттин критерийи жана чечилиши болуп саналган. Бирдиктүү терезенин жүрүшүндө оптималдаштыруу үчүн шарт”, “Курулуш тармагында ашыруу жол-жоболорун, ошондой эле жагымдуу шарттарды түзүүгө бир гана ата мекендик эмес, ошондой эле курулуш тармагынын чет өлкөлүк инвесторлорго өбөлгө болот деп саналууда.

Азыркы учурда, Чүй регионалдык шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы “Бирдиктүү терезе” бөлүмүн  дагы күчтөнтүү, жарандарга ынгайлуу шарт түзүү максатында бөлүмдү модернизациялоо, санариптештирүү өнүктүрүп жатат. Шаардык тиешелүү мекемелер менен сурамжылоо каттарын (СЭС, ООС, УГПС жана инженердик техникалык) жөнөтүү жана кабыл алуу   электрондук почта форматтында жүргүзүлүүдө.

Бүгүнкү күндө кардарлар кайрылган арыздарынын  кыймылы тууралуу маалыматтарды алып туруу үчүн, башкармалыктын “Бирдиктүү терезенин”  бөлүмүндө электрондук таблолор (мониторлор) орнотулуп жана онлайн режиминде интернет аркылуу байкоо жүргүзүү  мүмкүнчүлүгүн түзүлгөн.

Азыркы күнгө биз дагы бир жаны санариптештерилген “Бирдиктүү терезесин” ачып жатабыз. Буга чейин Бишкек, Чолпон-Ата шаарларында, Ыссык-кѳл, Ош, Джалал-Абад областарында ачынган. Жакынкы арада Баткен, Нарын, Талас областарында ачабыз.

2019-жылдын 2-октябрь күнү Башкармалыктын интернет каналдарына микротик байланыштыруучу каражаттары орнотулуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-апрелиндеги “Түндүк” электрондук ведомостволук аралык өз ара аракеттенүү маалыматтык системаларына кошулуу иш чаралар жүрүүдө.

20191206_114645 20191206_114534 20191206_113308 20191206_113225 20191206_113210 20191206_111842

Государственное Агентство по архитектуре, строительству и жилищно-коммунальному хозяйству при Правительстве КР.© 2015
Наш адрес:
Кыргызская республика, г.Бишкек, проспект Манаса 28
Почтовый индекс: 720001
Телефон: +996 (312) 61-36-97
Факс: +996 (312) 61-34-52
Общественная приемная: +996 (312) 31-29-21
E-mail: pressa@gosstroy.gov.kg