КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги

Баткен облусунда 6 социалдык тармагындаагы объектилери бүткөрүлдү


Баткен облусунда азыркы мезгилге карата “Капиталдык салымдар” беренеси боюнча республикалык бюджеттин эсебинен каржыланучу 6 объекттилери бүткөрүлдү. Анын  ичинен 2 мектептин, 3 саламаттык сактоо объектилердин курулушу бүтүп жана  ошондой эле 1 мектептин  капиталдык оңдоп-түзөө аяктаган. Булар:

  1. Кадамжай районунун Орозбеков айылындагы 225 орундуу мектептин курулушу;
  2. Лейлек районунун Ак-Суу айылындагы 475 орундуу мектептин окуу корпусунун курулушу;
  3. Лейлек районунун Кара-Таш айылындагы ФАПтын курулушу;
  4. Баткен шаарындагы 250 орундуу бейтапкананын курулушу;
  5. Кадамжай районунун Пульгон айылындагы 150 орундуу аймактык ооруканасынын 2-блогунун курулушу;
  6. Баткен районунун Ак-Сай айылындагы Ходжаев атындагы мектептин капиталдык оңдоп-түзөө жумуштары.

Белгилей кетсек, бекитилген тизмеге ылайык Баткен облусуна 36 объектисине 178,9 млн.сом каралып, бүгүнкү күнгө Финансы министрлиги тарабынан 167,6 млн сомго каржылоо ачылган. Анын ичинен курулуш объекттерине 105,0 млн.сом, капиталдык оңдоп-түзөөгө 51,4 млн.сом, ичүүчү суу менен камсыздоо объектисине 11,2 млн.сом жана долбоорлоо жумуштары 400 миң.сом жумшалып жатат.

Азыркы учурда жалпы Баткен облусунда 9 мектеп, 4 бала бакча, 4 саламаттык сактоо, 1 ичүүчү суу камсыздоо жана 1 башка объектилеринде курулуш иштери жүрүп жатат.

Капиталдык оңдоп-түзөө иштеринде 6 билим берүү,  2 бала бакча, 1 маданият,  1 спорт тармагындагы жана 2 башка объектилеринде жумуштары аткарылып жатат.

Долборлоо жумуштарына 4 объекттин иши киркизилген.

201907100352498 (1) 2019071003511410 201910070732044 2019071003564511 201907100356392 201908281107367 2019071003565711 2019082811072512 201908281107576 201908281108140 2019091005284113 2019091005504814 201909100550279 201909100550335 2019100707431711 2019100707432211 201909100550403

Государственное Агентство по архитектуре, строительству и жилищно-коммунальному хозяйству при Правительстве КР.© 2015
Наш адрес:
Кыргызская республика, г.Бишкек, проспект Манаса 28
Почтовый индекс: 720001
Телефон: +996 (312) 61-36-97
Факс: +996 (312) 61-34-52
Общественная приемная: +996 (312) 31-29-21
E-mail: pressa@gosstroy.gov.kg