КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ АРХИТЕКТУРА, КУРУЛУШ ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК ЧАРБА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИ

Бишкек жана Ош шаарларында курулуш компаниялары менен долбоор түзүүчүлөргө семинар-практикумдар өтөт


29-октябрда Ош  жана 31-октябрда Бишкек шаарларында курулуш компаниялары менен долбоор түзүүчүлөргө энергетикалык натыйжалуу имараттар үчүн инновациялык чечимдер боюнча семинар-практикумдар өтөт.

«Энергетикалык натыйжалуу имараттар үчүн инновация: чет өлкөлөрдөгү жана Кыргызстандагы замапбап тажрыйбалар» аттуу эл аралык семинар-практикуму Украина менен Швейцариядан чакырылган эл аралык эксперттердин катышуусунда өтөт. Ошщондой эле семинарларга бардык кызыктар тараптар, анын ичинде, курулуш компаниялардын долбоор түзүүчүлөрү, долбоорлоо-конструктордук жана илимий-изилдөө институттары, инженерлер жана курулуш компаниялардын жетекчилери чакырылат.

Иш-чара Юнисон Групп, Кыргызстандагы Озон жана климат боюнча координациялык борбору жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин колдоосун менен биргеликте уюштурулду. Иш-чара Европа өнүктүрүү банкынын, Европа Биримдигинин жана Айлана-чөйрө боюнча БУУ Программасынын (UNEP) колдоосундагы энергетикалык мыйзамдуулукту өнүктүрүү боюнча диалогдун бир бөлүгү болуп саналат.

Аталган иш-чара Кыргызстандын жашыл альянсынын «жашыл талкуулар» демилгесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2019-жылдын 11-15-ноябрь күндөрү өткөрүүнү жарыялаган «жашыл экономика жумалыгына» дагы салым болуп саналат.

Кыргызстандагы курулуш сектору – эң активдүү жана динамикалуу тармактардын бири. Орто мөөнөттүү социалдык-экономикалык өнүгүү божомолуна ылайык, анын 2017-2019-жылдары ИДӨ өсүшүнө кошкон реалдуу салымы 25% түзгөн. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, калктын курулуш тармагында иш менен камсыз болуусу үч эседен ашык өскөн.

Ошону менен бирге технология багыты дагы жигердүү өнүгүүдө, Кыргызстанда энергия үнөмдөөчү жана инновациялык технологияларды сунуштаган компаниялардын саны өсүп жатат. Бирок ошол эле учурда заманбап технологияларды кеңири ишке киргизүү бир катар тоскоолдуктар менен чектелүүдө, бул заманбап рыноктун деңгээлине чейин актуалдаштырылган ченемдик жана техникалык стандарттардын жетишсиздиги жана инженердик дараметтин тартыштыгы менен шартталган.

Иш-чаранын башкы максаттары – Кыргызстандын турак жай жана коммерциялык секторуна имараттар үчүн инновациялык чечимдерди өнүктүрүү жана ишке киргизүү, архитектура, энергетикалык натыйжалуу имараттарды долбоорлоо жана куруу чөйрөсүндөгү кесипкөй кадрлардын тажрыйбасын жайылтуу болуп саналат. Ошондой эле, имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жаатындагы мыйзамдарды жаңылоо боюнча иштерди эске алуу менен Кыргыз Рспубликасынын курулуш секторундагы учурдагы тенденциялар талкууланат.

Семинар-практикумдун жүрүшүндө төмөндөгүдөй презентациялар жасалат:

  • Кыргызстандагы объектилердин техникалык системаларын долбоорлоо, монтаж жасоо, эксплуатациялоо боюнча жумуштардан алынган сабактар;
  • Дүйнөлүк шаар курууда колдонулган жылытуу, желдетүү жана кондициялоону долбоорлоонун заманбап технологияларынын өзгөчөлүктөрү жөнүндө Австрия, Швейцария жана Украинадан келген адистердин катышуусунда сөз болот;
  • Мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөр жана аларды КР Мамкурулуш саясатына 2019-жылдан кийин каттоого алууну сунуштоо (Мыйзамдарды жакшыртуу боюнча Жол картасынын мөөнөттөрү аяктагандан жана аткарылгандан кийин)

Европалык өнөктөштөр – “Солар Шпар” ассоциациясынын директорлор кеңешинин мүчөсү Андреас Дресибнер (Швейцария), электр менен камсыздоо үчүн күн панелдерин пайдалануу жана жылуулук, ысык суу менен камсыздоо үчүн күн коллекторлорун колдонуу боюнча эксперт Макс Роз, (Швейцария) жана ВГО Эксперттер ассоциациясынын энергетикалык натыйжалуулук боюнча жетектөөчү эксперти, т.и.к, Анатолий Нечепорчук (Украина), сертификаттуу архитектор, шаар куруучу, долбоорлордун башкы архитектору, НСАУ мүчөсү Денис Седак (Украина), Украинанын тамак-аш технологиялары улуттук университетинин өкүлү, т.и.к., доцент Алексей Пилипенко семинар-практикумдун атайын спикерлери болушат.

Бул иш-чара инновациялык технологияларды долбоорлоо, монтаждоо, эксплуатациялоону пландаган же жүргүзүп жаткан бардык кызыктар тараптарды баш коштуруу үчүн платформа дагы сунуштайт. Ошондой эле, курулуш компаниялары менен долбоор түзүүчүлөрдүн ортосунда B2B жолугушуу аянтчасын уюштуруу каралган.

Государственное Агентство по архитектуре, строительству и жилищно-коммунальному хозяйству при Правительстве КР.© 2015
Наш адрес:
Кыргызская республика, г.Бишкек, проспект Манаса 28
Почтовый индекс: 720001
Телефон: +996 (312) 61-36-97
Факс: +996 (312) 61-34-52
Общественная приемная: +996 (312) 31-29-21
E-mail: pressa@gosstroy.gov.kg