КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги

Курулуш агенттигинин директору Б. Абдиев Ош облусунун Узген аймагындагы мектептердин курулуш иштеринин текшерүүсүн өткөрдү


Бүгүн 24-октябрындагы 2019-жылдын Курулуш Агенттигинин директору Бактыбек Абдиев Ош облусунун Өзгөн районундагы мектептердин курулуш иштеринин  текшерүү иш чараларын жүргүздү.

Жумуш визиттин алкагында Республикалык бюджеттен “Капиталдык салымдар” беренеси боюнча каржылануучу төмөнкү 3 билим берүү объекттери менен таанышты:

  1. Төрт-Кол айыл өкмөтүнүн Макаренко айылындагы 275 орундуу №58 Ж. Маматжанов атындагы мектеби боюнча бүгүнкү күндө окуу имаратынын ички жана сырткы шыбак жумуштары 100%, жылытуу тармагы 100%, пол 50%, отканасынын шыбак жумуштары 100%, ажатканасы 100%, 50 м3 көлөмдөгү резервуар 100%, саркынды суу сактоочу жайы 100%, күч берүүчү кабель 100% бүткөрүлдүү.
  2. Бостон айылындагы 275 орундуу О. Жусупбеков атындагы мектептин курулуш-монтаждоо иштери аткарылды. Ошондой эле электр монтаждоо жумуштары 100%, ички жана сырткы шыбак жумуштары 100%, эшиги 80%, терезеси 20%, жылытуу системасы 90%, полу 20%, КТП 100%, спорт залынын пай дубалы 100%, отканасынын жана ажатканасынын чатыры 100%, шыбак жумуштары 100%, жерди тегиздөө жумуштары 70% аткарылган.
  3. Өзгөн шаарындагы 525 орундуу №6 А. Навои атындагы мектептин курулушу бүгүнкү күндө 80% бүткөрүлгөн.

Курулуш объекттери менен таанышууда директор Б. Абдиев подряддык уюмдардын жана Ош облусунун капиталдык курулуш башкармалыктын жетекчиликтин, мектептерди сапаттуу курууга жана заманбап стилдерин пайдалануусуна көңүлүн бурду. Ошондой эле жаңы мектептерди бир-эки жылдан кийин капиталдык оңдоп-түзөө жумуштары  болбогондой куруу иштерин жүргүзүүгө чакырды. Балдар окуу жайда өздөрүн коопсуздукта жана комфортто сезиш керек деп, – Агенттиктин башчысы белгиледи.

IMG-20191024-WA0062 IMG-20191024-WA0066 IMG-20191024-WA0064 IMG-20191024-WA0062 IMG-20191024-WA0059 IMG-20191024-WA0057 IMG-20191024-WA0049 IMG-20191024-WA0009 IMG-20191024-WA0010 IMG-20191024-WA0011 IMG-20191024-WA0013 IMG-20191024-WA0014 IMG-20191024-WA0019 IMG-20191024-WA0040 IMG-20191024-WA0048

 

 

 

 

 

 

 

 

Государственное Агентство по архитектуре, строительству и жилищно-коммунальному хозяйству при Правительстве КР.© 2015
Наш адрес:
Кыргызская республика, г.Бишкек, проспект Манаса 28
Почтовый индекс: 720001
Телефон: +996 (312) 61-36-97
Факс: +996 (312) 61-34-52
Общественная приемная: +996 (312) 31-29-21
E-mail: pressa@gosstroy.gov.kg