КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги

Жаны маалыматтык система, Мамкурулуштун Чуй облусундагы архитектура башкармалыктарында тесттик режимде ишке киргизилген  


 

Азыркы учурда Мамкурулуш тарабынан кыймылсыз мүлк объектилерин долбоорлоо, куруу жана башка өзгөртүүгө уруксат документтерин берүү боюнча бирдиктүү комплекстүү “Бирдиктүү терезе” жаңы жаңыланган маалыматтык системасын ишке киргизилди.

Бүгүнкү күндѳ Мамкурулуш тарабынан “Бирдиктүү терезе” жаңы жаңыланган программасы Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча региондук башкармалыгында, Москва, Жайыл, Сокулук, Панфилов, Чүй, Ысык-Ата, Кемин райондук  шаар куруу жана архитектура боюнча региондук башкармалыктарында жана Токмок шаардык шаар куруу жана архитектура боюнча региондук башкармалыгында тесттик режимде ишке киргизилген.

Белгилей кетүү зарыл, бул электрондук программаны ишке ашыруу Мамкурулушка документтерди тапшырууда арыз ээси менен жана архитектуранын аймактык органдарына электрондук маалымат базасын киргизүү аркылуу натыйжалуу интерактивдүү өз ара аракеттенүүнү уюштурууга, мындан сырткары арыз берүүчүгө өз алдынча (интернет-порталдын өздүк кабинети аркылуу) берилген арызды кароонун жүрүшүн байкоого мүмкүндүк берет.

Ошондой эле, тест жүргүзүү режими аяктагандан кийин маалыматтык система “Түндүк” программасына түздөн-түз кошулат, бул Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча региондук башкармалыгына министрликтер менен ведомстволордон зарыл маалыматтарды алууга мүмкүндүк берет.

Азыркы учурда Чүй облусу боюнча “Бирдиктүү терезе” программалык камсыздоосунда 316 ар кандай багытагы арыздар катталган, анын ичинен эӊ кѳп арыз Чүй регионалдык архитектура башкармалыгында – 216,  Сокулук – 19, Москва районунда – 70, Кемин районунда – 3, Ысык-Ата – 2, Жайыл – 2, Панфилов – 2, Чуй – 1, Токмок шаары боюнча – 1 арыз.

Ысык-Ата2 Ысык-Ата чуйское региональное чуйский район Чуй район 3 Аламедин (2) Аламедин Жайыл кемин москва сокулук токмок

 

Государственное Агентство по архитектуре, строительству и жилищно-коммунальному хозяйству при Правительстве КР.© 2015
Наш адрес:
Кыргызская республика, г.Бишкек, проспект Манаса 28
Почтовый индекс: 720001
Телефон: +996 (312) 61-36-97
Факс: +996 (312) 61-34-52
Общественная приемная: +996 (312) 31-29-21
E-mail: pressa@gosstroy.gov.kg