КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги

Мамкурулуш Агенттигинин Чүй облусу боюнча бардык архитектура башкармалыктарында кызматкерлеринин коопсуздугун жогорулатуу боюнча дезинфекциялык иштери өткөрүлдү


Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба  мамлекеттик агенттиги коронавирустук инфекциянын COVID-l9 пайда болуу коркунучун алдын алууну күчөтүү жана КР Өкмөтүнүн  2020-ж. 22-марттындагы    № 93-р Буйругун ишке ашыруунун негизинде Чүй облусундагы бардык архитектура башкармалыктарында кызматкерлеринин коопсуздугун жогорулатуу боюнча дезинфекциялык иштери өткөрдү. 

Бүгүнкү күнгѳ, аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча Чүй облусундагы бардык архитектура башкармалыктарында келген жарандардын жана башкармалыктын кызматкерлеринин коопсуздугун жогорулатуу жана калк арасында санитардык-эпидемиологиялык дурус абалды камсыздоо максатында, киинки кезектик тартиптери түзүлдү:

  • Кире беришке кол тазалоочу дезинфекциялык аппарат орнотулду;
  • Туруктуу 3 маал кургак тазалоо, хлоратордук жолдор менен эшик туткаларын кабинеттерди тазалоо иштерин жүргүзүү;
  • Жарыя кагаздары жана илдет жөнүндөгү жалпы маалыматтары илинди;
  • Имараттын кире беришине дизковриктер тɵшɵлдү;
  • Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматкерлери тарабынан, бардык бөлмөлөрдү атайын даярдалган тазалоочу даярдама менен тазалоо иштери жүргүзүлдү;
  • Ар бир кызматкерге тийиштүү бет каптар алынып берилди;

Чүй регионалдык башкармасы Мелис Мырзакулов белгилегендей, жогорудагы кɵрсɵтүлгɵн иштер кɵзɵмɵлдɵɵнүн негизинде ɵткɵрүлүп жатат. Бардык дезинфектияга керектүү каражаттар жана жабдуулар архитектура башкармалыктарында жетиштүү – деп айттылды.  

                               

 

Государственное Агентство по архитектуре, строительству и жилищно-коммунальному хозяйству при Правительстве КР.© 2015
Наш адрес:
Кыргызская республика, г.Бишкек, проспект Манаса 28
Почтовый индекс: 720001
Телефон: +996 (312) 61-36-97
Факс: +996 (312) 61-34-52
Общественная приемная: +996 (312) 31-29-21
E-mail: pressa@gosstroy.gov.kg