КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги

Мамкурулуш Агенттиги социалдык объекттердин куруу боюнча форумун өткөрдү


Бүгүн 2020-ж. 11-февралында, Мамкурулуш агенттиги Архитектура жана дизайн Ассоциациясы менен бирдикте социалдык объекттердин куруу боюнча форумун өткөрдү. Форумдун негизги максаты – бул республиканын аймагында курулуп жаткан билим берүү объектилердин эмерек-жабдыктарынын сапатын бирдиктүү формага келтирип, учурда пайдаланып жаткан ГОСТ жана СНиПтердин талаптарына так жооп бере турган формага келтирүү. Долборлоо мезгилинде ар бир жабдык, эмерек жана шайманга тиешелүү талап коюлуп, биздин балдар эң сапаттуу шартта билим алып жана тарбия көрүүнү камсыздоо.

Форумдун алкагында Мамкурулуш агенттиктин республикалык бюджеттин эсебинен социалдык объекттердин курулушу, мектептердин жаңы форматы жөнүндө жана “Сауд өнүктүрүү фондунун каражаттарынын эсебинен 27 мектептин курулушу” инвестициялык долбоорду ишке ашыруу боюнча презентация, талкуу-пикирлер каралды.

Баардыңыздарга маалым болгондой, Мамкурулуш агенттиги социалдык объектилердин сапаттуу курулушуна биринчи кезекте маани берет. “Бирдиктүү заказчы” объектинин курулушун толук бүткөрүп, эмерек, жабдыктар жана шаймандар менен камсыздап бүткөндөн кийин гана объект пайдаланууга берилет.

Бүгүнкү мезгилде заманбап технологиясынын өндүрүүшүнө жараша мектептердин жана бала бакчалардын, эмерек-жабдыктардын сапатына тийиштүү денгээлде маани берүүсү абдан зарыл. Белгилей кетсек, курулуп жаткан билим берүү объектилердин эмеректеринин жалпы объектинин наркынан орто эсеп менен 5-8 пайызын түзөт. Бул каражаттардын ичинде класстык комнаталардын, спорттук залдардын, жыйындар залынын, ашканалардын ж.б бөлмөлөрдүн жабдуусу толугу менен каралган.

Курулуш агенттиги тарабынан жыл сайын орто эсеп менен 50-60 мектеп жана 4-5 бала бакчанын курулушу бүткөрүлөт. Акыркы 5-жылдан бери Курулуш агенттиги тарабынан 290 мектеп жана 16 бала бакчанын курулуштары бүткөрүлдү. Ошондо республикалык бюджеттин эсебинен курулуп жаткан мектептердин жана бала бакчалардын эмерек-жабдыктарына жалпысынан 1,8 2 млрд сом каржыланды. Ушундай учурда мектептердеги жана бала бакчалардагы эмерек, жабдыктар жана шаймандар жайлуу жана ыңгайлуу болушу шарт.

Агенттигинин адистеринин талап коюсу боюнча, билим берүү мекемелериндеги эмеректери кылдаттык менен тандалып алынышы керек, анткени бул балдардын ден-соолугуна таасир берүүчү ар кайсы факторлор эске алынат. Мектептин окуучулары жана бала бакчаладагы балдар көп убактысын тапшырма аткаруу менен өткөрөт. Биринчи кезекте негизги критерий катары ыңгайлуулук жана экологиялык коопсуздук эсептелинет.

“Жогорудагыларды эске алуу менен, учурдагы жаңы технологиялардын өнүгүүсүн эске алып, мезгилдин талаптарына туура келген көрктүү, кооз, ошол эле мезгилде ынгайлуу, коопсуз эмерек, жабдыктар жана шаймандарды пайдалануу керек” – деп белгилешти адистер.

Государственное Агентство по архитектуре, строительству и жилищно-коммунальному хозяйству при Правительстве КР.© 2015
Наш адрес:
Кыргызская республика, г.Бишкек, проспект Манаса 28
Почтовый индекс: 720001
Телефон: +996 (312) 61-36-97
Факс: +996 (312) 61-34-52
Общественная приемная: +996 (312) 31-29-21
E-mail: pressa@gosstroy.gov.kg