КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги

Мамкурулуш Агенттиги 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча жана 2020-жылга карата милдеттер жөнүндө Коллегия өткөрдү


 

Бүгүн, 2020-жылдын 5 мартта, Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнѳ караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиктин агенттиги

 

2019-жылдагы башкы натыйжа болуп бул ата мекендик курулуш тармагында курулуш темпинин оң динамикасынын сакталышы жана курулуштун дүң продукциясынын көбөйүшү болду.

Ушул чөйрөдө мамлекеттик саясаттын приоритеттери төмөнкү багыттар болду: социалдык-маданий багыттагы объекттерди куруу, калктуу конуштарды шаар куруу документтери менен камсыз кылуу жана курулуш тармагында тартылган бизнес үчүн административдик тоскоолдуктарды жөнөкөйлөтүү чаралары аркылуу региондордо инфратүзүмдү өнүктүрүү.

Кыргыз Республикасынын курулуш секторунда 2019-жылда негизги капиталга болгон инвестициянын көлөмү 2018-жыл мезгилиндеги аналогиялык мезгилге салыштырмалуу 105,8% өсүү темпи менен 161 790,8 млн.сомду түздү.

Республика боюнча курулуштун дүң продукциясынын көлөмү 110,6% өсүү темпи менен 171 887,8 млн.сомду түздү. Курулуштун дүң продукциясын жогорулатуу, аткарылган курулуштук подряддык жана башка капиталдык иштердин жана чыгымдардын, ошондой эле имараттарды жана курулмаларды капиталдык жана учурдагы оңдоодо көлөмүнүн өсүүсү менен шартталган.

“Капиталдык салымдар” беренеси боюнча республикалык бюджеттин эсебинен каржылануучу курулуш жана реконструкциялоо объектилеринин такталган тизмесине ылайык 2019-жылы 398 объектиге 2 774 000,0 миң сомго каржылоо каралган, анын ичинде:

–  223 объектти курууга 1 997 222,9 миң сом;

– 102 объекттин капиталдык өндоп-түзөө жумуштарына 266 777,1 миң сом;

– ичүүчү суу менен камсыздоо 73 объектисине 500 000,0 миң сом;

– социалдык объектилерди долборлоого 10 000,0 миң сом.

Курулуш агенттиги 2019-жылы 41 объектти бүткөрүүнү пландаштырган, иш жүзүндө 51 объекттин курулушу аяктады, анын ичинде:

  • 31 жалпы билим берүү жана спорттук залдар 5459 окуу орунга;
  • 6 саламаттыкты сактоо объектиси 560 койкалуу;
  • 2 бала бакча 215 орундуу;
  • 4 спорт тармагындагы объект;
  • 1 маданий тармагындагы объект;
  • 2 турак-жай 145 батирге;
  • 5 башка объектилер.

Капиталдык оңдоп-түзөө жумуштарынын 2019-жылы 33 объекттин тузөө бүткөрүүлүшү пландаштырылган, ал эми  жыйынтыгы боюнча 36 объект бүткөрүлдү, анын ичинен:

  • 17 билим берүү объектиси;
  • 1 бала бакча;
  • 5 саламаттык сактоо объектиси;
  • 6 маданий тармагындагы объект;
  • 7 башка объектилер.

Ичүүчү суу менен камсыздоо жана агындылоо объекттери боюнча жылдын жыйынтыгы менен 23 айыл ичүүчү суу менен камсыздалды (15 объектиге), анын ичинен: – Чуй облусу боюнча 2 айыл (2 объектиге), Баткен облусу боюнча 1 айыл                  (1 объектиге), Жалал-Абад облусу боюнча 6 айыл (1 объектиге), Ысык-Көл облусуна 2 айыл (2 объектиге), Нарын облусуна 2 айыл (2 объектиге), Ош облусуна 5 айыл (4 объектиге), Талас облусуна 4 айыл (3 объектиге).

Сауд Өнүктүрүү фондунун каражаттарынын эсебинен жалпы объекттеринин Тизмесинде бекитилген 27 билим берүү объекттеринин ичинен бүгүнкү күнгө карата баардык объекттердин долборлоо-сметалык документтери даярдалып бүтүп, экспертизанын кароосунан чыккан.

Азыркы учурда 27 мектептин курулуш-монтаждоо жумуштарына конкурс жарыяланган, алардын ичинен:

– 15 объект боюнча подряддык уюм менен келишим түзүлүп, 15 объектте курулуш-монтаждоо жумуштары жүрүп жатат;

– 9 объект боюнча подряддык уюм менен келишим түзүү алдында турат;

– 3 объект конкурстук отчеттору Сауд Өнүктүрүү фондунун кароосунда.

Учурда курулуш жумуштары объекттердин көбүндө башталды. Ошентип, Ош облусунда 1650 окуу орунга 6 мектеп, Жалал-Абад облусунда 675 окуу орунга 3 мектеп, Баткен облусунда 925 окуу орунга 3 мектеп, Нарын облусунда 600 окуу орунга 3 мектеп, Ысык-Көл облусуна 925 окуу орунга 3 мектеп, Талас облусуна 300 окуу орунга 2 мектеп, Чуй облусуна 1300 окуу орунга 4 мектеп, Бишкек шаарына 1250 окуу орунга 3 мектепке окуу корпус курулат, жалпысынан мектептер 7625 окуу орун менен камсыздалат.

Бирдиктүү депозиттик счеттун эсебинен Чуй облусуна, Бишкек жана Ош шаарларына мамлекеттик мектеп жана кошумча окуу корпустарынын курулушу, бүгүнкү күнгө карата бардык объекттердин долборлоо-сметалык документтери даярдалып бүтүп, курулуш жумуштарына конкурстар өткөрүлдү.

15 мектептин ичинен:

  • 14 объектиде курулуш жумуштары жүргүзүлүүдө;
  • 1 объект боюнча жумуштардын көлөмү өзгөргөнүнө байланыштуу конурстук табыштамалар 2020-жылдын 27-январында ачылышы күтүлүүдө.

2019-жылдын 31-декабрына карата КР ФМ тарабынан 285,0 млн сомго каржылоо ачылып, толугу менен которулуп берилди.

Бирдиктүү депозиттик счеттун эсебинен Чуй облусу боюнча 2700 окуу орунга 7 мектеп жана кошумча окуу корпус, Бишкек шаары боюнча 1809 окуу орундуу 7 мектептин кошумча окуу корпустары, Ош шаарынын 1 мектебине 500 окуу орундуу окуу корпусу курулат, жалпысынан 5009 окуу орун камсыздалат.

Белгилей кетсек, архитектуралык – шаар куруу ишмердиги жана  аймактарды өнүктүрүү боюнча, азыркы убакта, архитектуралык-шаар куруу ишмердиги жаатында ар кандай тоскоолдуктарды четтеттүү жана ишкердик иши менен байланышкан жол-жоболорду кыскартуу боюнча чаралар көрүлгөн. Мамлекеттик башкаруу жаатында курулуш тармагы менен “Бирдиктүү терезе” киргизилип Мамкурулуштун имаратынын биринчи кабатында жайгашкан жана комплекстүү экспертиза жүргүзүү, архитектуралык-курулуш ишмердигин ишке ашырууга карата лицензия берүү, курулуш жаатында адистер үчүн квалификациялык сертификаттарды берүү, курулуш индустриясынын өндүрүмүнө сертификаттарды берүү үчүн долбоордук-сметалык документтерди (ДСД)  кабыл алууну жүзөгө ашырылат.

Ошондой эле, Мамкурулуш менен портал аркылуу электрондук форматта ДСД кабыл алууну иш жүзүнө ашырууда арыз ээси менен интерактивдүү өз ара аракеттешүү бөлүгүндө мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү которууда 1 этап жүргүзүлгөн.

Учурда тиешелүү баардык мамлекеттик органдарды (ресурстарды жеткирүүчү уюмдар) бир жерге жайгаштыруу үчүн шаар куруу жана архитектура боюнча баардык аймактык башкармалыктарда жайларды кайрадан жабдуу боюнча, ошондой эле архитектуранын аймактык органына документтерди тапшырууда арыз ээси менен интерактивдүү өз ара аракеттенүүнү уюштуруу үчүн иштер жүрүүдө.

Бардыгы болуп “Бирдиктүү терезе” Бишкек ш., Чүй, Ош, Баткен, Жалал-Абад жана Ысык-Көл регионалдык шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыктарында, Ысык-Көл, Тоң, Базар-Коргон, Ала-Бука, Кара-Кулжа, Кара-Суу, Сузак жана Москва райондук шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыктарында да ачылган.

Регионалдык шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыктарында система киргизилген, ага ылайык арыз ээси өзүнүн документинин иштеп чыгуу мезгилине, даяр болуучу мөөнөтүнө жана документти  алууга  байкоо жүргүзө алат. Программа VPN-канал аркылуу документтин аткарылышына контроль жүргүзө алат, буга ылайык документти ар кандай кызматтар боюнча алып жүрүү зарылчылыгы, королгон убактылуу ресурстар, корутундуларды жана техникалык шарттарды алуу мөөнөттөрүнүн узартылышы  калып калат.

 Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо чөйрөсүндө  2019-жылы  ар кандай  арналыштагы объект  боюнча 161 техникалык корутунду жана 54 объекттинин долбоорлоого атайын  Техникалык шарттар берилди. “Табигый жана жасалма жарык кылуу” боюнча 1 ченемдик техникалык документ КРКЧ 23-05:2019  иштелип чыккан.

Курулуштагы мамлекеттик экспертиза жагынан  2019-жылдын экспертиза жүргүзүүгө 2236 бирдик ДСД келген, алардын ичинен:

  • 1710 бирдик ДСД боюнча долбоордук-техникалык экспертиза жүргүзүлгөн;
  • 161 бирдик ДСД иштелүүдө;
  • 365 бирдик ДСД жеткире иштеп чыгууга кайтарылып берилген.

Кыргыз Республикасынын аймагында курулуш иштерин ишке ашырууга карата 702 лицензия жол-жолоштурулган. Ошондой эле отчёт мезгилинде 1737 курулуш тармагынын адистерине мамлекеттик квалификациялык сертификаты жол-жоболоштурулган жана региондордун кесилишинде төмөндөгүчө берилген.

Курулуш продукцияларын сертификаттоо боюнча Республикалык Борбордун негизги багыты боюнча 2019 жылга карата төмөнкү жумуштар аткарылды:

  1. 1487 ш/с берилди жана Мамлекеттик реестрге киргизилди. Анын ичинде:

– республикада өндүрүлгөн курулуш продукциясына – 762 ш/с;

– республикага ташып келинүүчү курулуш продукциясына –  725 ш/с;

Баардык сертификатталган курулуш продукцияларынын ичинен:

– өз каалоосу боюнча –  85  ш/с;

  1. Кардарлардын билдирмеси боюнча курулуш материалдарына, буюмдарга жана конструкцияларга 10712 сертификациялык, контролдук сыноолор жүргүзүлдү.

2020-жылга карата Мамкурулуш Агенттиктин милдеттери, приоритеттүү багыттар төмөнкүлөр болот:  жекече турак жай курулушунун объекттери, мамлекеттик бюджеттин эсебинен болгон капиталдык салымдар жогорку курулуш даярдыгындагы объекттердин курулушун аяктоого, билим берүү объекттерин реконструкциялоого, табигый кырсыктан жабыркаган, ошондой эле авариялык абалдагы объекттерге багытталат. Ресурстарды көбөйтүүдө мамлекеттик бюджеттин эсебинен болгон капиталдык салымдар билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана спорт объекттеринин мурда башталган курулушун аяктоо үчүн каржылоого жумшалат, Бишкек шаарынын социалдык жана инженердик инфратүзүмүн курууга жана өнүктүрүүгө каржылоо улантылат, ошондой эле приоритеттүү тартипте стратегиялык маанидеги автомобиль жолдорун жана республиканын чек ара жанындагы райондорунда унаа жолдорун курууга каржылоо пландалууда.

Ошондой эле, 2020-жылы Сауд өнүктүрүү фонду менен бөлүнгөн каражат эсебинен (27 мектепке 30,0 млн.АКШ доллары) жана Бирдиктүү депозит эсебинен (15 мектепке 799,3 млн.сом)  республика боюнча 42 жалпы билим берүү мекемелерин курууга иштерди улантуу пландалууда.

Мындан тышкары, санариптештирүү тенденциясын эске алуу менен, долбоорлоо, куруу жана кыймылсыз мүлктүн объекттерин башкада өзгөртүүгө уруксат берүү документтерин берүү боюнча маалыматтык системасын киргизүү зарыл жана “Түндүк” системасына кошулуу менен курулушу бүткөн объекттерди эксплуатацияга кабыл алуу тартибин камсыз кылуу.

Ошондой эле, документтерди кароо мөөнөтүн 147 жумуш күнүнө кыскартууга мүмкүн болуучу ДСД “комплекстик экспертизасын” киргизүү жол-жобосун аяктоо зарыл.

2020-жылы электрондук форматта ДСД экспертиза системасын жүргүзүү, коррупциялык тобокелдиктердин пайда болушун жокко чыгарышы керек жана бүтүндөй кызмат көрсөтүү системасын жакшыртуу.

Мындан тышкары, 2020-жылы имараттардын жана курулмалардын сейсмикалык коопсуздугун камсыз кылуу жаатында курулуштагы ченемдик техникалык документтерди актуалдаштыруу жана иштеп чыгуу пландалууда.

Ошентип, Мамкурулуштун линиясы боюнча 2020-жылы  төмөнкү багыттар боюнча иштер улантылат:

-башкы пландарды иштеп чыгуу жана республиканын калктуу конуштарын өнүктүрүү;

-социалдык-маданий багыттагы объекттерди куруу жана капиталдык оңдоо;

-ченемдик техникалык документтерди иштеп чыгуу, аны менен катар жүргүзүлгөн эксперименттен алынган маалыматтын негизинде ЛСТКдан курулмаларды колдонуу боюнча стандарттарды иштеп чыгуу;

-“Doing Business” ааламдык рейтингде “курулушка уруксат” компоненттин жакшыртуу жолу менен административдик жол-жоболордун мөөнөттөрүн кыскартуу жана кызмат көрсөтүү системасын жакшыртуу.

IMG_3671 IMG_3788 IMG_3782 IMG_3780 IMG_3772 IMG_3768 IMG_3758 IMG_3709

Государственное Агентство по архитектуре, строительству и жилищно-коммунальному хозяйству при Правительстве КР.© 2015
Наш адрес:
Кыргызская республика, г.Бишкек, проспект Манаса 28
Почтовый индекс: 720001
Телефон: +996 (312) 61-36-97
Факс: +996 (312) 61-34-52
Общественная приемная: +996 (312) 31-29-21
E-mail: pressa@gosstroy.gov.kg