КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги

Мамкурулуш Агенттиктин кызматкерлери коронавирус инфекциясы менен күрөшүү үчүн бир күндүк эмгек акысын которушту


Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери, өлкөбүздүн  коронавирус инфекциясынын жайылышы менен күрөшүү үчүн бир күндүк эмгек акысын которуп беришти.

Мындай чечим Мамкурулуштун кызматкерлеринин жамааттык чогулушунда кабыл алынган.

Белгилей кетсек, Мамкурулуш Агенттиктин директору Урматбек Кокочаров өзүнүн чечиминин негизинде, коронавирус менен күрөшүүгө жардам көрсөтүү максатында бир айлык эмгек акысын Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин атайын банктык эсебине которду.

Жамааттык жыйындын жүрүшүндө Урматбек Кокочаров, кызматкерлердин ар бирин тобокелдик маселелери жана коронавирустук инфекцияны жугузуп алганга жол бербөө боюнча жоопкерчиликке чакырды. Мамкурулуштун башчысы, борбордук аппаратты,  бардык ведомстволук жана региондордогу аймактык башкармалыктарга, өлкөдөгү коронавирус эпидемиясына каршы күрөштүн алкагында оперативдүү сактык чараларды жана кадамдарды жасоо керек деп белгиледи.

Государственное Агентство по архитектуре, строительству и жилищно-коммунальному хозяйству при Правительстве КР.© 2015
Наш адрес:
Кыргызская республика, г.Бишкек, проспект Манаса 28
Почтовый индекс: 720001
Телефон: +996 (312) 61-36-97
Факс: +996 (312) 61-34-52
Общественная приемная: +996 (312) 31-29-21
E-mail: pressa@gosstroy.gov.kg