КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги

Мамкуруш Агенттиги конкурс жарыялайт


Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги төмөнкү бош административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлөөгө ачык конкурс жарыялайт:

Архитектура жана техникалык ченемдештирүү башкармалыгы:

Адис – 1 бирдик.

Турак жай –коммуналдык чарбаны өнүктүрүү жана мониторинг бөлүмү:

Адис – 1 бирдик.

Административдик мамлекеттик кызмат орундарынын баардык топторуна жалпы квалификациялык талаптар

         Кенже административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн:

         Төмөнкүлөрдү билүү зарыл:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясын.

2) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын.

3) 2016-жылдын 19-августундагы №43 Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар боюнча Кеңештин токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин Этика кодексин;

-Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;

-компьютер, иш техникасын жана зарыл болгон программалык продуктарды колдоно билүү;

-текстик, графикалык жана табличкалык редакторлор менен иштөө;

-издөө тутумун пайдалануу;

-маалыматтарды таблица, диаграмма жана график түрүндө сунуштоо;

-Кыргыз Республикасынын мыйзамынын укуктук базасынын маалыматтык системасын пайдалануу;

-вев-конференц-байланыш уюмунун тиркемелерин пайдалануу;

-видеоматериалдарды сактоо, жеткирүү жана көрсөтүү үчүн веб-тиркемелерди пайдалануу;

-шифрлөө аркылуу маалыматтык системаны жана дайындарды коргоо.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин мамлекеттик кызматтын төмөнкү административдик мамлекеттик кызмат орундарына квалификациялык талаптар:

Архитектура жана техникалык ченемдештирүү башкармалыгы

 

Адиске – 1 бирдик (М-Б);

 

  • Кесиптик билиминин деңгээли:

-төмөнкү багыттар боюнча кесиптик жогорку билими: архитектура, шаар куруу, курулуш жана юриспруденция.

         2) Ишинин стажы жана тажрыйбасы:

– иш стажына талаптар жок;

         3) Кесиптик компетенциясы:

Төмөнкүлөрдү билүү зарыл:

-Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексин;

-Кыргыз Республикасынын Жер кодексин;

– Кыргыз Республикасынын төмөнкү мыйзамдарын: Кыргыз Республикасынын шар куруу мыйзамдарынын негиздери”, “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасындагы жекече турак жай курулуш жөнүндө”;

-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн төмөнкү токтомдорун: 2013-жылдын 10-июнундагы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө” ; 2008-жылдын 30-майындагы №252 “Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө уруксат документтерди берүүнүн тартиби жана курулушу бүткөн объекттерди эксплуатацияга кабыл алуунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” .

         Ыктуулугу:

-жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

-суроо-талаптарга документтерди, маалыматтарды жана жоопторду сапаттуу даярдоо;

-тиешелүү жаатта ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны практикалык иште колдонуу;

-кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;

-мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

-командада иштөө.

Көндүмдөр:

-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу.

Турак жай – коммуналдык чарбаны өнүктүрүү жана мониторинг бөлүмү

Адиске-1 бирдик (М-Б):

 

1) Кесиптик билиминин деңгээли:

-жогорку техникалык билим, экономикалык же юридикалык билимге жол берилет.

2) Ишинин стажы жана тажрыйбасы:

– иш стажына талаптар жок;

3) Кесиптик компетенциясы:

         Төмөнкүлөрдү билүү зарыл:

-Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексин;

-Кыргыз Республикасынын Жер кодексин;

-Кыргыз Республикасынын төмөнкү мыйзамдарын: “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”; “Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө”; “Энергетика жөнүндө”; “Энергияны үнөмдөө”; “Электр энергетикасы жөнүндө” .

         Ыктуулугу:

-жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

-суроо-талаптарга документтерди, маалыматтарды жана жоопторду сапаттуу даярдоо;

– кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;

-кеңеш берүүнү билүү;

-ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууда катышуу;

-командада иштөө.

Көндүмдөр:

-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу.

 

Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди сунуштоо зарыл:

-жеке арыз, сүрөтү менен кадрларды эсепке алуу боюнча баракчасы, автобиография (соттолгондугу бардыгы же жоктугу жөнүндө маалыматты белгилөө менен), резюме;

-зарыл болгон кесиптик билими, ишинин стажы жана квалификациясын тастыктоочу документтер (эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими, квалификациясынын жогорулагандыгы, илимий даража жана илимий наам ыйгарылгандыгы тууралуу, нотариалдык же иштеген жери боюнча персоналды башкаруу кызматтары менен күбөлөндүрүлгөн документтердин көчүрмөлөрү);

-паспорттун же өздүгүн аныктаган документтин көчүрмөсү (паспорттун же өздүгүн аныктаган документтин түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт).

-рекомендация кылуучу кат же мурда иштеген жеринен мүнөздөмө (мүмкүн болсо).

         Эскертүү: баардык документтер кызмат ордун көрсөтүү менен делого көктөлүүгө тийиш. Конкурска андан ары катышуу үчүн документтери коюулган талаптарга ылайык келген талапкерлер гана чакырылат. Талапкерлердин байланыш маалыматтары жана дареги так белгилениши керек.

Документтер төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Бишкек шаары Манас проспекти 28, 204 кабинетте 18-00 чейин, расмий жарыяланган күнүнөн тартып он жумуш күнүнүн аралыгында.

Маалымдама төмөнкү телефондор боюнча (0312) 31 29 82, 61 04 54, толук маалымат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын www.mkk.gov.kg жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин www.gosstroy.kg. расмий сайтында жайгаштырылган.

Государственное Агентство по архитектуре, строительству и жилищно-коммунальному хозяйству при Правительстве КР.© 2015
Наш адрес:
Кыргызская республика, г.Бишкек, проспект Манаса 28
Почтовый индекс: 720001
Телефон: +996 (312) 61-36-97
Факс: +996 (312) 61-34-52
Общественная приемная: +996 (312) 31-29-21
E-mail: pressa@gosstroy.gov.kg