КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги

Мамкурулуш агенттиги 13-чу санариптештирилген “Бирдиктүү терезени” ишке киргизди


Бүгүн 2019-жылдын 25-декабрында, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековдун 2019-жылды “Санарип Кыргызстан – региондорду өнүктүрүү” маселелери боюнча Москва райондук шааркурулушу жана архитектура башкармалыгы аткарган санарип иш чаралардын максатында оптимизацияланган   “Бирдиктүү терезенин” ишке ашырылганын көрсөттү.

Иш алкагында, башкармалыктын башчысы Улан Нуралиев курулуш тармагындагы “Бирдиктүү терезе” программасынын оптималдаштырылган шарттарын сунуштады. Анын айтымында, “Бирдиктүү терезе” мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн ачык-айкындыгын камсыздоо, коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу, оптимизациялоо максатында түзүлгөн курулуш чөйрөсүндө уруксат берүү жол-жоболорун оптималдаштыруу, курулуш тармагында жагымдуу шарттарды түзүү жөнүндө айтып берди.

Москва райондук шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы “Бирдиктүү терезе” бөлүмү  жарандардан арыздарды кабыл алууда,  Мамкурулуш Мамлекеттик  агенттигинин борборлоштурулган жаны программасына (Онлайн режим) туташтырылып, арыз кабыл алуу иштери белгиленген тартипте жүрүүдө.

Ошондой эле Мамкурулуш көрсөтүлүп жаткан документтерди долбоорлоого жана курууга мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнү жакшыртуу боюнча негизги милдеттин критерийи жана чечилиши болуп саналган. Бирдиктүү терезенин жүрүшүндө оптималдаштыруу үчүн шарт”, “Курулуш тармагында ашыруу жол-жоболорун, ошондой эле жагымдуу шарттарды түзүүгө бир гана ата мекендик эмес, ошондой эле курулуш тармагынын чет өлкөлүк инвесторлорго өбөлгө болот деп саналууда.

Азыркы учурда, Москва райондук шааркурулуш жана архитектура боюнча башкармалыгы “Бирдиктүү терезе” бөлүмүн  дагы күчтөнтүү, жарандарга ынгайлуу шарт түзүү максатында бөлүмдү модернизациялоо, санариптештирүү өнүктүрүп жатат. Шаардык тиешелүү мекемелер менен сурамжылоо каттарын (СЭС, ООС, УГПС жана инженердик техникалык) жөнөтүү жана кабыл алуу   электрондук почта форматтында жүргүзүлүүдө.

Бүгүнкү күндө кардарлар кайрылган арыздарынын  кыймылы тууралуу маалыматтарды алып туруу үчүн, башкармалыктын “Бирдиктүү терезенин”  бөлүмүндө электрондук таблолор (мониторлор) орнотулуп жана онлайн режиминде интернет аркылуу байкоо жүргүзүү  мүмкүнчүлүгүн түзүлгөн.

Азыркы күнгө биз региондогу 13-чү жаны санариптештерилген “Бирдиктүү терезесин” ачып жатабыз. Буга чейин Бишкек, Чолпон-Ата, Каракуль шаарларында, Чуй, Ыссык-кѳл, Ош, Баткен, Джалал-Абад областарында ачылган.

2019-жылдын 2-октябрь күнү Башкармалыктын интернет каналдарына микротик байланыштыруучу каражаттары орнотулуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-апрелиндеги “Түндүк” электрондук ведомостволук аралык өз ара аракеттенүү маалыматтык системаларына кошулуу иш чаралар жүрүүдө.

20191225_112227 20191225_112951 IMG_2388 IMG_2381 IMG_2377 IMG_2349

Государственное Агентство по архитектуре, строительству и жилищно-коммунальному хозяйству при Правительстве КР.© 2015
Наш адрес:
Кыргызская республика, г.Бишкек, проспект Манаса 28
Почтовый индекс: 720001
Телефон: +996 (312) 61-36-97
Факс: +996 (312) 61-34-52
Общественная приемная: +996 (312) 31-29-21
E-mail: pressa@gosstroy.gov.kg