КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги

Мамкурулуш Агенттиги 2019-жылдын социалдык объекттердин курулушу боюнча “Кабар” агенттигинде жыйынтык маалымат берди


Бүгүн 2020-ж. 14 январда, Кыргыз Республикасынын Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги 2019-жылдын “Капиталдык салымдар” беренеси боюнча республикалык бюджеттин, бирдиктүү депозиттик эсебтеринен жана Сауд ѳнүктүрүү фондунан каржылануучу объекттердин куруусу боюнча “Кабар” агенттигинде жыйынтык маалымат берди.

 

2019-жылдын Тизмесине канча объект бекитилди 2019-жылдын “Капиталдык салымдар” беренеси боюнча республикалык бюджеттин эсебинен каржылануучу объекттердин Тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-январындагы № 5-б буйругу менен 2774,0 млн сомго бекитилди, анын ичинен:

–         222 объекттин курулушуна 1997,2 млн сом каралды,

–         103 капиталдык ондоп-түзөө объекттерине 266,8 млн сом,

–         73 ичүүчү суу менен камсыздоо объектисине 500,0 млн сом,

–         социалдык объекттерди долборлоого 10,0 млн сом.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан канча каржылоо ачылды

 

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан 2019-жылга жалпысынан 2748,8 млн сомго каржылоо ачылды, анын ичинен:

–         курулуш объекттерге 1976,0 млн сом;

–         капиталдык оңдоп-түзөө жумуштарына 265,8 млн сом;

–         Таза суу объекттерине 500,0 млн сом;

–         социалдык объекттери долборлоого 7,0 млн сом.

2019-жылдын Тизмесине канча жаны обьект киргизилди 2019-жылдын Тизмесине 15 жаңы объект киргизилди:

–         5 билим берүү обьектиси;

–         3 бала бакча;

–         1 саламаттык сактоо обьектиси;

–         1 маданият тармагында обьект;

–         3 спорт тармагындагы обьект;

–         2 башка обьект (Т.Усубалиев атындагы аянт жана Р.Алканов атындагы ипподром).

2019-жылы канча обьект бүткөрүлөт          Жалпысынан 2019-жылга карата бөлүнгөн акча каражатына 96 объект бүткөрүү пландалган:

–         41 капиталдык курулуш объектилери;

–         33 капиталдык оңдоп-түзөө объекттери;

–         22 айыл ичүүчү суу менен камсыздалат (9 объект).

             Анын ичинен 2019-жылдын 31-декабрына карата 110 объект бүткөрүлдү:

             51 объекттин капиталдык курулушу 

–         31 мектеп;

–         2 бала бакча;

–         6 саламаттык сактоо обьектиси;

–         1 маданият тармагындагы обьект;

–         4 спорт тармагындагы объект;

–         2 турак-жай;

–          5 башка обьект

36 обьекттин капиталдык оңдоп-түзөө жумуштары:

–         17 мектеп;

–         1 бала бакча;

–         5 саламаттык сактоо объектиси;

–         6 маданият тармагындагы объектилер;

–         7 башка объект.

23 айылды ичүүчү суу менен камсыздоочу 15 обьектиси.

Бирдиктүү депозиттин эсебинен каржылануучу  обьекттер боюнча Чүй облусунун, Бишкек жана Ош шаарларынын 15 билим берүү мектептерине жаңы имараттарды курууга жана кошумча курулуштарга республикалык бюджетинин бирдиктүү депозиттик счетунан 2019-жылга 799,3 млн сом каралган, бул 15 объекттин долбоор боюнча наркы 1188,0 млн сомду түзөт.

15 мектептин ичинен:

–         14 объектиде курулуш жумуштары жүрүп жатат;

–         калган 1 объект боюнча конкурс жарыяланып, 2020-жылдын 27-январында конкурстук табыштамалардын ачылышы күтүлүүдө.

Жалпысынан 285,0 млн сомго каржылоо ачылды.

 

Сауд Аравия Фондусунан каржылануучу обьекттер боюнча маалымат Сауд Аравия Фондсунун эсебинен каржылануучу билим берүү объекттеринин Тизмесинде бекитилген 27 объекттин ичинен бүгүнкү күнгө баардык объекттердин долборлоо-сметалык документтери (ДСД) даярдалып бүтүп, экспертизанын кароосунан чыккан.

Азыркы учурда 27 мектептин курулуш-монтаждоо жумуштары боюнча конкурс жарыяланган, алардын ичинен:

–         15 объект боюнча подряддык уюм менен келишим түзүлүп, 15 объектте курулуш-монтаждоо жумуштары жүрүп жатат;

–         9 объект боюнча подряддык уюм менен келишим түзүү алдында турат;

–         3 объект конкурстук отчеттору Сауд Өнүктүрүү фондунун кароосунда.

 

 

Государственное Агентство по архитектуре, строительству и жилищно-коммунальному хозяйству при Правительстве КР.© 2015
Наш адрес:
Кыргызская республика, г.Бишкек, проспект Манаса 28
Почтовый индекс: 720001
Телефон: +996 (312) 61-36-97
Факс: +996 (312) 61-34-52
Общественная приемная: +996 (312) 31-29-21
E-mail: pressa@gosstroy.gov.kg