КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги

Мамкурулуш Агенттиги Курулуш тармагын ѳнүктүрүү Стратегиясы боюнча басма-сөз жыйынын өткөрдү


Бүгүн 2020-ж 23 январда, Кыргыз Республикасынын Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги 2020-жылдын 17 январында жаны бекитилген жобо жана курулуш тармагын ѳнүктүрүү Стратегиясы  боюнча “Кабар” агенттигинде маалымат берди.

Бекитилген Стратегия курулуш тармагынын учурдагы абалын камтыйт жана максакттуу көрсөткүчтөргө жетүүгө таасир этүүчү өнүктүрүү багыттары боюнча максат жана милдеттердин приоритетин аныктайт жана “Санарип Кыргызстан 2019-2023-жылдары санариптик трансформациялоону ишке ашыруу боюнча “Жол картасы” буйругун ишке ашырат.

Ошондой эле, Өнүктүрүү Стратегиясы инновацияларды комплекстүү киргизүүнү карайт жана курулушта инновациялык материалдарды колдонууга уруксат алуу жол-жоболорун жөнөкөйлөтөт.

Стратегиянын башкы максаты – өлкө ичинде жана башка өлкөлөрдө ата мекендик продукциянын курулуш өнөр жайынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн өсүүсү. Анткени курулуш комплексин өнүктүрүү турак жай курулушу жана башкада багыттар боюнча өнүгүүдө улутттук долбоорго жетүү жолунда локомотив болушу керек.

Стратегия – 2024-жылга чейин улуттук долбоорлор менен берилген тактикалык милдеттерди жана максаттарга жетүүнү бириктирүүчү документтердин программасы жана 2030-жылга чейин жана андан ары курулуш тармагын стратегиялык көрө алуу.

-турак жай курулушун камсыз кылууну жогорулатуу;

-жогорку технологиялык чөйрөдө жаңы атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү талап кылуучу инновациялык өнүгүүнүн жаңы деңгээли.

Белгилей кетсек, курулуш тармагынын стратегиясын иштеп чыгуу үчүн Куруучулар союзу, Архитекторлор союзу, ЖИА, Стратегиялык изилдөө институту, экономистер жана бизнес  – шериктеш өлкөлөрдүн өкүлдөрү тартылган. Стратегияны  иштеп чыгуу убагында активдүү талкуулоолор жүрүп жатты жана тартылган уюмдардын баардык сын-пикир жана сунуштары эске алынды.

82797160_2756254137775677_1956610791650099200_n 82775281_2756253934442364_5848740417624866816_n 82772075_2756253641109060_8473618094416199680_n 82651318_2756253517775739_53546980776869888_n 82610029_2756253817775709_8379647637363621888_n 20200123_132330 20200123_132206 20200123_121642 20200123_121839 20200123_121911

Государственное Агентство по архитектуре, строительству и жилищно-коммунальному хозяйству при Правительстве КР.© 2015
Наш адрес:
Кыргызская республика, г.Бишкек, проспект Манаса 28
Почтовый индекс: 720001
Телефон: +996 (312) 61-36-97
Факс: +996 (312) 61-34-52
Общественная приемная: +996 (312) 31-29-21
E-mail: pressa@gosstroy.gov.kg