КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги

 Ош облусунда  26 социалдык объекттердин  курулуш жана капиталдык оңдоп-түзөө иштери бүткѳрүлдү


 Жылдын жыйынтыгы боюнча Ош облусунда  26 социалдык объекттердин курулуш жана оңдоп-түзѳѳ иштери бүткөрүлдү. Капиталдык курулуш башкармалыгынын маалыматтары боюнча 12 мектептин, 1 саламаттык сактоо жана  1 маданият тармагындагы обьекттилердин курулушу, ошондой эле 7 обьектинин капиталдык оңдоп-түзөө жумуштары менен 5 Таза суу обьектиси буткѳрүлгѳн.

Ал эми 2019-жылдын бекитилген планы боюнча Ош облусунун 130 объектисине 730,0 млн сом каралган, анын ичинен

  • 60 объекттин курулушуна 520,1 млн сом;
  • 34 объекттин капиталдык оңдоп-түзөө жумуштарына 77,0 млн сом;
  • 23 ичүүчү суу менен камсыздоо объекттерине 131,7 млн сом;
  • 13 объекттин долборлоо жумуштарына 1,2 млн сом.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан каралган каражаттын ичинен 697,0 млн.сомго каржылоо ачылган.

Белгилей кетсек, Ош регионунда быйылкы жылы 60 курулуш объектилеринин ичинен 39  мектеп, 10 бала бакчага, 2 саламаттык сактоо объектиси, 3 спорттук комплекс, 2 маданият объектиси жана 4 кредитордук карызды жоюуга акча каржыланган.

Государственное Агентство по архитектуре, строительству и жилищно-коммунальному хозяйству при Правительстве КР.© 2015
Наш адрес:
Кыргызская республика, г.Бишкек, проспект Манаса 28
Почтовый индекс: 720001
Телефон: +996 (312) 61-36-97
Факс: +996 (312) 61-34-52
Общественная приемная: +996 (312) 31-29-21
E-mail: pressa@gosstroy.gov.kg