КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги

Сауд өнүктүрүү фондунун «Мамлекеттик мектептердин курулушу» план боюнча аткарылууда


IMG-20191230-WA0006Мамлекеттик мектептердин курулушуна тендер эки баскычтуу тартип боюнча жүргүзүлдү:

1- баскыч – подрядчыларды алдын-ала квалицикациялоо жүргүзүү

2- баскыч – квалификацияланган катышуучулардын “Кыска тизмесине” кирген подрядчылардын катышуусу менен соодалоолорду (конкурсту) жүргүзүү.

Подрядчылардын алдын-ала квалификациялоонун 1-баскычын өткөрүү үчүн жарыя төмөнкү гезиттерде жарыяланган:

  • «Слово Кыргызстана», 2019-жылдын 30-январы орус тилинде
  • «Слово Кыргызстана» 2019-жылдын 1-февралы англис тилинде

Долбоордо 104 (жүз төрт) курулуш компания өзүнүн кызыкчылыгын көрсөтүштү жана  алдын-ала квалификациялык тандоонун жыйынтыгы боюнча соодалоонун 57 (элүү жети) катышуучусу эң төмөнкү квалификациялык талаптарга жооп берген катары алдын-ала квалификацияланышты.

Азыркы учурда 27 мектептин курулуш-монтаждоо жумуштары боюнча конкурс жарыяланган, алардын ичинен:

15 объект боюнча подряддык уюм менен келишим түзүлүп, 14 объектте курулуш-монтаждоо жумуштары жүрүп жатат;

9 объекттин конкурстук отчеттору Сауд өнүктүрүү фондуна кароого жана макулдашууга жөнөтүлдү;

1 объект конкурстук комиссиянын кароосунда;

2 объект  боюнча конкурс жарыяланып, ачуу аземи 2018 жылдын 18-декабрда өткөрүлдү.

Государственное Агентство по архитектуре, строительству и жилищно-коммунальному хозяйству при Правительстве КР.© 2015
Наш адрес:
Кыргызская республика, г.Бишкек, проспект Манаса 28
Почтовый индекс: 720001
Телефон: +996 (312) 61-36-97
Факс: +996 (312) 61-34-52
Общественная приемная: +996 (312) 31-29-21
E-mail: pressa@gosstroy.gov.kg