КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги

Мамкурулуш агенттиги мамлекеттик кызмат ордун ээлөөгө ачык конкурс жарыялайт


Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги төмөнкү бош административдик мамлекеттик кызмат ордун ээлөөгө карата ачык конкурс жарыялайт

Турак жай – коммуналдык чарбаны өнүктүрүү жана мониторинг бөлүмү:

  • адис – 1 бирдик

Административдик мамлекеттик кызмат орундарынын бардык тобуна жалпы квалификациялык талаптар

Кенже административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн:

Төмөнкүлөрдү билүү зарыл:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясын.

2) Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамын.

3) Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат боюнча Кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы №43 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин Этика кодексин;

-кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;

-компьютердик, иш техникасы жана зарыл болгон программалык продукттарды, анын ичинен төмөнкүлөрдү колдоно билүү:

-тесттик, графикалык жана таблицалык редакторлор менен иштөөнү;

-издөө тутуму менен пайдаланууну;

-маалыматтарды таблица, диаграмма жана график түрүндө берүүнү;

-Кыргыз Республикасынын мыйзамынын укуктук базасынын маалыматтык системасын колдонууну;

-уюмдун веб-конференц-байланыш тиркемесин колдоно билүү;

-шифрлөө аркылуу мамлыматтык системаны жана маалыматтарды коргоо.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин мамлекеттик кызматынын төмөнкү административдик мамлекеттик кызмат орундарына квалификациялык талаптар:

Турак жай – коммуналдык чарбаны өнүктүрүү жана мониторинг бөлүмү

    Адиске – 1бир. (М-Б):

1) Кесиптик билиминин деңгээли:

-жогорку техникалык билими, экономикалык же юридикалык билимге жол берилет.

    2) Ишинин стажы жана ишинин тажрыйбасы:

-ишинин стажы талап кылынбайт.

    3) Кесиптик компетенциясы:

Төмөнкүлөрдү билүү зарыл:

-Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексин;

-Кыргыз Республикасынын Жер кодексин;

-“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө” “Энергетика жөнүндө”, “Энергияны үнөмдөө жөнүндө” жана “Электр энергетика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын.

Ыктуулугу:

-жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

-документтерди, маалыматтарды жана суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

-кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;

-кеңещ берүүлөрдү өткө билүү;

-ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууда катышуу;

-командада иштөө.

Көндүмдөр:

-ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды практика колдонуу.

 

Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди сунуштоо зарыл:

-жеке арыз, сүрөтү менен кадрларды эсепке алуу боюнча баракчасы, автобиография (соттолгондугу бардыгы же жоктугу жөнүндө маалыматты белгилөө менен), резюме;

-зарыл болгон кесиптик билими, ишинин стажы жана квалификациясын тастыктоочу документтер (эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими, квалификациясынын жогорулагандыгы, илимий даража жана илимий наам ыйгарылгандыгы  тууралуу, нотариалдык же иштеген жери боюнча персоналды башкаруу кызматтары менен күбөлөндүрүлгөн документтердин көчүрмөлөрү);

-паспорттун же өздүгүн аныктаган документтин көчүрмөсү (паспорттун же өздүгүн аныктаган документтин түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт).

-рекомендация кылуучу кат же мурда иштеген жеринен мүнөздөмө (мүмкүн болсо).

         Эскертүү: баардык документтер кызмат ордун көрсөтүү менен делого көктөлүүгө тийиш. Конкурска андан ары катышуу үчүн документтери коюулган талаптарга ылайык келген талапкерлер гана чакырылат. Талапкерлердин байланыш маалыматтары жана дареги так белгилениши керек.

Документтер төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Бишкек шаары Манас проспекти 28, 204 кабинетте  18-00 чейин, расмий жарыяланган күнүнөн тартып он жумуш күнүнүн аралыгында.

Маалымдама төмөнкү телефондор боюнча (0312) 31 29 82, 61 04 54, толук маалымат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын  www.mkk.gov.kg  жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин www.gosstroy.kg. расмий сайтында жайгаштырылган.

 

 

 

 

 

Государственное Агентство по архитектуре, строительству и жилищно-коммунальному хозяйству при Правительстве КР.© 2015
Наш адрес:
Кыргызская республика, г.Бишкек, проспект Манаса 28
Почтовый индекс: 720001
Телефон: +996 (312) 61-36-97
Факс: +996 (312) 61-34-52
Общественная приемная: +996 (312) 31-29-21
E-mail: pressa@gosstroy.gov.kg