icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Документы

Бул мыйзам долбоорунун максаты ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууларды чыгаруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин өркүндөтүү, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жергиликтүү өз

Бул мыйзам долбоорунун максаты ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууларды чыгаруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин өркүндөтүү, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу жана өкүлчүлүктүү органдарынын ыйгарым укуктарын бөлүштүрүүгө байланыштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамдардагы өксүктөрдү толтуруу жана карама-каршылыктарды жоюу болуп саналат.

Бул Мыйзам долбоорунун милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:

-  адамдын ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууларды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү алууга укуктарын ишке ашыруу максатында кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы камтылышын камсыз кылуу;

-  айлана-чөйрөгө, анын ичинде суу объекттерине терс таасирин азайтуу жана саркынды сууларды тазалоонун сапатын жогорулатуу аркылуу адамдардын ден соолугун, айлана-чөйрөнү коргоону камсыз кылуу;

-  суу ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылуу;

-  натыйжалуу, ыкчам, туруктуу, жеткиликтүү, ишенимдүү жана коопсуз ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууларды чыгаруу боюнча кызматтарды көрсөтүү;

-  ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууларды чыгаруу боюнча көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатуу;

-  ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын көрсөтүүдө жарандык коомдун жана жеке сектордун ролун көтөрүү;

-  ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууларды чыгаруу секторуна мамлекеттик жана жеке инвестицияларды стимулдаштыруу;

-  ичүүчү суу менен камсыз кылууну жана саркынды сууларды чыгаруу өнүктүрүү үчүн жагымдуу экономикалык чөйрөнү түзүү;

-  ичүүчү суу менен камсыз кылуунун жана саркынды сууларды чыгаруунун туруктуулугуна мамлекеттик кепилдиктерди белгилөө;

  - сууну үнөмдүү керектөөнү камсыз кылуу жана дем берүү.

 

Скачать