icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Н.К. ОРУНТАЕВ ОШ ОБЛУСУНА ИШ САПАР МЕНЕН БАРДЫ

Мамлекеттик курулуш агенттигинин директору Орунтаев Нурдан Кемелович Ош облусуна иш сапар менен барды. Иш сапардын алкагында, агенттиктин алдындагы аймактык кызматтардын Ош шаарында жайгашкан: Архитектура, экспертиза, долбоорлоо институту, курулушту көзөмөлдөө жана капиталдык курулуш башкармалыктарын бир даректе жайгаштырууну жана кайрылган жарандарга ыңгайлуу шарттарды түзүүнү тапшырды.

Аны менен бирге, кызматкерлердин иш ордуларын көрүп жумуштун алгылыктуу жүрүшү үчүн баардык шарттарды жакшыртып, муктаж болгон жабдуулар менен камсыз кылуу талабын койду. 

Мындан тышкары, Нурдан Орунтаев Ош облусундагы район, шаарлардын архитектура кызматынын башчылары менен жыйын өткөрүп, курулуш тармагындагы кемчилдиктерди жоюуну, элдин суроо талабын кечиктирбестен кароону ж.б. бир топ тапшырмаларды берди.