icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Курулуш компаниялар унааларынын дөңгөлөктөрүн жууп-тазалоосу зарыл

Мамкурулуш агенттигине караштуу Мамлекеттик архитектура курулуш контролдоо департаментинин директору Эрназарбек Суеркулов шаардык инспекторлор менен жыйын өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Бишкек шаарында салынып жаткан имараттардын мыйзамдуулугун катуу көзөмөлгө алуу, техникалык коопсуздугун жана тазалык нормаларын сактоо боюнча маселелер каралды.

Шаардын көчөлөрүнүн тазалыгын арттыруу үчүн, курулуш иштери жүрүп жаткан имараттарга кирип чыккан унаалардын дөңгөлөгүн жууп тазалоочу жайлар орнотулушу боюнча чечим кабыл алынды.

Мындан тышкары Эрназарбек Суеркулов Бишкек шаары боюнча мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгынын инспекторлоруна жер титирөөдөн кийинки жарандардын кайрылууларынын негизинде имараттарды жеринен текшерип ыкчам иш алып баргандыгы үчүн  ыраазычылыгын билдирди.