icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Талас районунун Көк-Токой айылында 275 орундуу мектеп ишке берилди

Бүгүн, 1-февраль күнү КР Мамкурулуш агенттигинин директору Н.К. Орунтаев жана анын орун басары Т. Иманакун уулу Талас облусунун Талас районуна караштуу Көк-Токой айылында жайгашкан  “Ш. Шеркулов” атындагы 275 орундуу мектептин ачылыш аземине катышты.

Аталган мектептин окуу корпустарынын эскилиги жетип, Мамкурулуш тарабынан тизмеге киргизилген. Мектептин курулуш иштери 2015-жылы башталып, 2023-жылга чейин бүткөрүлбөй келинген. Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасына ылайык республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган.

 Бул мектеп Мамкурулуш тарабынан 2023-жылы бүткөрүлгөн 105 мектептин тизмесине кирет.