icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан мыйзамсыз курулуштар аныкталды

Сузак районунун Сузак Ырыс айыл өкмөттөрүнөн өтүүчү Жалал-Абад - Кара-Дарыя автожолун  реконструкциялоо иштери жүрүүдө.

Азыркы тапта  жолду кеңейтүү боюнча “Кыргызжолтрансдолбоор” 

долбоорлоо-изилдөө институту тарабынан Техникалык-экономикалык негиздеме даярдалууда. Долбоордун алкагында Жалал-Абад - Кара-Дарыя автожолундагы Ырыс айыл өкмөтүнүн, Күмүш-Азиз айылынын жана Бишкек-Ош автожолундагы айлампадан баштап узундугу 5,4 км ал эми туурасы 22 метрге чейин кеңейтүү каралган.

Сузак районунун Шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн аныктоо иштеринде Сузак айылында жалпысынан 184 курулуш, ал эми Күмүш-Азиз айылынан 78 ар түрдүү багыттагы мыйзамсыз курулуштар аныкталган.  Анын ичинен: Сузак айылында комерциялык 83 курулуш, 4 мамлекеттик мекемелердин тосмолору, 71 турак жай жана 26 турак жайлардын тосмо кашалары; Күмүш-Азиз айылынан 28 комерциялык курулуш, 19 турак жай жана 31 турак жайлардын тосмо кашалары  мыйзамсыз деп аныкталган. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен биргеликте курулуш ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, аталган мыйзамсыз объекттер буздурулууда.