icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Н.К. Орунтаев: "Сиздердин ак эмгегиңиздер менен өлкө сыймыктанат!"

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинтине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев жана анын орун басары Иманакун уулу Талант, бир катар куруучуларыбызды Кыргыз Республикасынын “Ардактуу куруучусу” медалы менен сыйлады.

Курулуш тармагынын өнүгүүсүнө кошкон зор салымы үчүн, 2024- жылдын 8- февралындагы №30 буйругуна ылайык Мамкурурулуштун “Ардактуу куруучусу” медалы менен төмөнкүлөр сыйланды:

1. Женалиев Канатбек Жолбаевич – “АК-Бата” ЖЧКнын башкы директору;

2. Нурматов Эмилбек Жусупжанович – “ПГС ВЭК” ЖЧКнын директору;

3. Абдыманапов Уларбек Жанибекович - “ПГС ВЭК” ЖЧКнын башкы инженери;

4. Рахманов Нурбек Акбарович – “Бай_Мен” ЖЧКнын башкы директору;

5. Сыйданов Кубанычбек Сыйданович – Ардагер;

6. Эшенбаев Нурлан Саматович – Мамкурулуштун Турак жай-жарандык курулуш департаментинин башкы инженери.

КР Мамкурулуш агенттигинин директору Н.К. Орунтаев өз сөзүндө: “Сиздердин ак эмгегиңиздер менен өлкө сыймыктанат!”- деп билдирди