icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Аламүдүн районунда жарнамалык түзүлүштөрдү иретке келтирүү иштери уланууда

Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан Аламүдүн районунун аймагындагы Ленин а/о аймагында маалыматтык-жарнактарды, убактылуу жеңил объекттерди иретке келтирүү (инвентаризациялоо) максатында райондук кызматтардын катышуусунда көчмө жумушчу комиссия түзүлдү.

Жумушчу комиссиянын жүрүшүндө чарба жүргүзүүчү субъектилердин ээси тарабынан бир катармыйзам бузуулар аныкталган. Буга байланыштуу Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы чарбалык субъектилердин ээлеринен мындай мыйзам бузууларга жол бербөөнү өтүнөт.