icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Кочкор районунда инвентаризациялоо иштери жүрүүдө

"Кыргыз Республикасынын региондорунда архитектура-курулуш ишин жакшыртуу жөнүдө" Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинине караштуу Архитектура Курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 16-январындагы №7 буйругунун негизинде Кочкор районунун Кочкор айылындагы  С.Орозбаков көчөсүнүн Б.Исакеев көчөсүнөн тарта Шайымбет Ата көчүсүнө чейинки аралыкта жайгашкан маалыматтык-жарнак түзүмдөрүнө жайгаштыруу аркылуу таратылуучу жарнактарды, убактылуу жеңил объекттерди иретке келтирүү  (инвентаризациялоо) максатында Кочкор райондук мамлекеттик  администрация тарабынан   көчмө жумушчу комиссия түзүлдү анын курамына райондук кызматтар дагы кошулду.

Жумушчу комиссиянын жүрүшүндө чарба жүргүзүүчү субъектилердин ээлери тарабынан бир катар мыйзам бузуулар, атап айтканда шаар куруу мыйзамдарына туура келбеген жеңил конструкция менен салынган курулуштарды жеринен аныктап, ал курулуштардын ижара келишимдерин тиешелүү иш кагаздарын тактоо Ормон-Хан айыл өкмөтүнө милдеттендирилди. Жана ушундай эле имараттардын фасадына маалыматтык-жарнак конструкцияларын жайгаштыруу жана архитектуралык-көркөм талаптарга жооп бербөө фактылары аныкталган. 

Буга байланыштуу Кочкор районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан чарбалык субъектилердин ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү, жакынкы аралыкта Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын чогулуш уюштуруп Дизайн Код боюнча иш алып баруу сунушталууда.