icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Н.К. Орунтаев курулушта сертификаттоонун Республикалык борборунун лабораториясынын ишмердүүлүгүн текшерди

2024-жылдын 15-февралында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун лабораториялык ишмердүүлүгүн текшерди. 

Курулушта сертификаттоонун Республикалык борборунун лабораториясында курулуш материалдарынын, бетондун, асфальттын сапаты текшерилип, тийиштүү уруксаат кагаздары берилет.

Эскерте кетсек аталган лаборатория өлкө боюнча асфальттын курамын текшерип анын белгиленген нормага ылайыктуу экенин аныктаган жалгыз лаборатория  болуп эсептелинет.