icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

КР Мамкурулуш агенттиги билим берүү мекемелери менен болгон кызматташтыгын күчөтүүдө

КР Мамкурулуш агенттигинин  директору Н.К Орунтаевдин тапшырмасына ылайык билим берүү мекемелер менен болгон кызматташтык күчөтүлүүдө. Тактап айтканда КР Мамкурулуш агенттигинин директорунун орун басары Талант Иманакун уулу 2024-жылдын 19-февралында 100-кесиптик лицейи менен кызматташуу келишимине кол койду. Ага ылайык мындан ары бул кесиптик лицейи Мамлекеттик курулуш агенттиги тарабынан жүргүзүлгөн курулуштарга ширетүүчү, электрик, электро монтаждоочу адистерди кыска мөөнөттө даярдап берет.  

Эскерте кетсек КР Мамкурулуш агенттиги жогорку билим берүү мекемелери менен тыгыз кызматташып келген. Мындан ары жогорку кесиптик адистерди эле эмес, орто кесиптик адистерин чыгаруучу флагмандык аянтчага басым жасалмакчы.