icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Кочкор айылынын борбордук тротуарлары оңдолууда

КР Мамкурулуш агенттигинин Кочкор районунун Шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан борбордук тротуарлардын  долбоору жана сметасы түзүлүп берилген. 

Учурда аталган долбоорго ылайык Шамен көчөсүнөн С. Орозбаков көчөсүнө тарта С. Алиев көчөсүнө чейин тротуардын брусчатка төшөөсү жана суу өтүүчү арыкты орнотуу иштери жүрүп жатат. Ал эми азыркы тапта брусчатка төшөө иштери аяктоо алдында турат.