icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Нарын шаарында финансылык ишмердүүлүктү санариптештирүү боюнча окутуулар болуп өттү

2024-жылдын 20-февралында Нарын шаарында Кыргыз Республикасынын Мамкурулуш агенттигине караштуу башкармалыктарынын, департаменттеринин жана өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлерине борбордук апараттын өкүлү тарабынан финансы жаатындагы ишмердүүлүгүн санариптештирүү боюнча окутуу болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө санариптик трансформацияны андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына ылайык, улуттук экономиканын тармактарына санариптик башкаруу механизмдерин киргизүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. 

Жүргүзүлүп жаткан окуунун негизги максаты, финансылык эсеп-кысап кагаздарды санариптештирүү, көргөзүлгөн кызматтарга төлөнүүчү төлөмдөрдү ирээттүү жүргүзүү жана башка ушул сыяктуу төлөмдөрдү жүргүзүү жаатындагы иштерди жакшыртууга багытталган.