icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Мамкурулуш санарипти өнүктүрүү максатында Mbank менен кызматташат

Бүгүн, 21-февраль күнү КР Мамкурулуш агенттигинин директорунун орун басары Б.К. Станбеков санарип тармагын өнүктүрүү максатында MBANK платформасынын “Санарип кызматтарды жана эквайрингти өнүктүрүү боюнча Департаментинин” директору Кубаныч Шатемиров жана “Стратегиялык коммуникациялар боюнча” жетекчиси Адилбек уулу Шумкарбек менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өлкө башчы С.Н. Жапаровдун тапшырмасына ылайык мамлекеттик органдар санариптик чечимдерге өтүп жаткандыгын жана аталган компаниянын  IT, санарип тармагындагы технологиялык чечимдери тууралуу пикирлер менен алмашышты. 

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Мамкурулуштун бир канча кызматтарын MBANK платформасына интеграциялоо иштерин биргеликте жүргүзүү ниеттерин белгилешти.