icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Пригородный айылынын деталдык пландоо долбоору кабыл алынды

2024-жылдын 22-февралында Чүй облусунун Аламедин районундагы Пригородный айыл өкмөтүндө жергиликтүү депутаттардын кезектеги сессиясы болуп өттү. 

Сессияда Пригородный айыл аймагынын шаар четиндеги айыл аймактарынын деталдык пландоо долбоорлору каралып, Шаар куруу жана архитектура долбоорлоо институтунун шаарлардын башкы пландарын долбоорлоо боюнча бөлүмүнүн башчысы Ж.Уркалиев жана жетектөөчү архитектор С.Акылбеков тарабынан  иштелип чыккан деталдык пландоо долбоору жергиликтүү кеңештин сессиясында тааныштырылды.

Жыйынтыгында Пригородный айыл аймагынын деталдык  пландоо долбоору жергиликтүү бийлиги тарабынан жактырылып, кабыл алынды.