icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Кызыл-Адыр айылына заманбап жаңы аллея курулат

КР Мамкурулуш агенттигинин Айтматов районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы Айтматов районуна караштуу Кызыл – Адыр айылынын борбордук бөлүгүндө жайгашкан жаңы аллеянын эскиздик долбоорун иштеп чыгышты. Андан тышкары аталган айылдын борбордук бөлүгүндө тротуарлар реконструкцияланат.

Курула турчу аллея үчүн Кара-Буура айыл өкмөтү тарабынан акча каражат бөлүнүп,  сметалык наркы 6,9 млн сомду түздү. 2024-жылдын 1-жарым жылдыгында  жаңы аллеянын курулушун  аяктоо пландалууда.