icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Ак-Жар айылында 225 орундуу жаңы мектеп өз эшигин ачты

2024-жылдын 1-мартында  Айтматов районунун Ак-Жар айылындагы Ашым Калыбаев атындагы орто мектебинин жаңы имаратынын ачылыш аземи  болуп өттү. 

А.Калыбаев атындагы орто мектебинин имаратынын эскилиги жеткендигине байланыштуу 2015-жылы республикалык буюджеттин эсебинен 225 орундуу эки кабат мектептин курулуш иштери башталган.  Бүгүнкү күнгө карата мектеп толук бүткөрүлүп, пайдаланууга тапшырылууда.

Мектептин курулушунун жалпы сметалык наркы, эмеректери менен 79 млн сомду түзүп, курулуш иштери “Арга Ишеним” ЖЧК тарабынан жүргүзүлдү.