icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Финансылык төлөм кызматтарын жеңилдетүү максатында санариптик чечимдерге өтүү

КР Мамкурулуш агенттигинин директорунун орун басары Б.К. Станбеков санарип тармагын өнүктүрүү жана архитектура багытындагы жарандардын финансылык төлөм кызматтарын жеңилдетүү максатында МегаПей, MBANK, РСК банк, О!Деньги компанияларынын өкүлдөрү менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Мамкурулуштун бир канча кызматтарын санариптик платформаларына интеграциялоо иштерин биргеликте жүргүзүү ниеттерин белгилешти.

Учурда РСК банк, О!Деньги жана МегаПей платформаларына интеграциялоо иштери аяктап, МБАНК платформасына кошулуу иштери жүргүзүлүүдө. Мамкурулуш агенттиги мындан башка лицензия жана экспертиза боюнча кызматтарын санариптик төлөм системаларына кошулуу иштери жүргүзүлмөкчү.