icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

КӨК-САЙ АЙЫЛЫНДА 140 ОРУНДУУ БАЛА БАКЧА КУРУЛУУДА

Талас облусунун Айтматов районунун Көк-Сай айылында 140 орундуу бала бакча курулууда. Аталган бала бакча 2017-жылы Республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Долбоор боюнча бала бакча эки кабаттуу болуп долбоорлонгон, жалпы аянты 1480,9 чарчы метрин түзөт. 

Долбоорго ылайык бала бакчада балдар үчүн санитардык нормаларды сактоо үчүн жана билим берүү программаларына ылайыкталган шарттар каралган: сабактарды жана оюндарды өткөрүү үчүн бөлмөлөр, уктоочу бөлмөлөр, кийим чечүүчү жайлар, ашкана, буфет, жашылча-жемиштерди жана кургак азыктарды сактоочу бөлмөлөр, санитардык түйүндөр.

Андан тышкары музыкалык сабактар бөлмөсү жана медициналык кабинет каралган. Бала бакчанын аймагында балдар үчүн оюн зоналары - жабдылган аянтчалар жана беседкалар курулат. Курулуш иштерин 2024-жылдын 1-жарым жылдыгында аяктап, ишке берүү пландалууда.