icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

ДАРКАН АЙЫЛЫНДА "ДАРКАН СЕЙИЛ БАКЧАСЫ" КУРУЛАТ

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Жети-өгүз районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан Даркан айылында "Даркан сейил бакчасы" эскиздик долбоору иштелип чыкты. 

Аталган сейил бакча Даркан айылындагы  Шарше Кадыракунов 1/1 көчөсүндө жайгашкан. Долбоордун болжолдуу сметасы 10млн сомду түзөт. 2024-жылдын 1-жарым жылдыгында курулуш иштери башталаары пландалууда.