icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Кызыл-Алма айылында аянты 22 327,50Мкв түзгөн сейил бак курулат

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Таш-Көмүр шаарынын шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан Кызыл-Алма айылында "Кызыл-Алма сейил багынын" эскиздик долбоору иштелип чыкты. 

Аталган сейил бак Кызыл-Алма айылында жайгашкан Долбоорлочу көчөсүндө курулат, анын жалпы аянты 22 327,50м² түзөт.

Курулуш иштери күз айларында башталаары пландалууда.