icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Н.К. Орунтаев: "Профилдик адистерди даярдоо боюнча ишмердүүлүк күчөтүлөт"

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Н.К Орунтаев директордун орун басары Талант Иманакун уулу менен биргеликте И.Разаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик техникалык университетинин Н.Исанов атындагы 2-кампусунун ишмердүүлүгү менен таанышып, мындан аркы кызматташтыкты күчөтүү максатында бир канча иш пландарды талкуулашты. 

Жолугушуунун негизги максаты КР Мамкурулуш агенттиги аталган жогорку окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүнө курулуш тармагына жумушчу орун түзүп берүү жана профилдик адистерди даярдоого көмөк көрсөтүү болуп эсептелинет. Мамкурулуш агенттиги жогорку билим берүү мекемелери менен тыгыз кызматташуусун мындан ары дагы улантат.