icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Тиешелүү талаптарын сактабагандыгына байланыштуу текшерүү актысы менен укук бузуу жөнүндө протокол түзүлүүдө

КР Мамкурулуш агенттигинин Бишкек шаары боюнча мамлекттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгынын инспекторлору тарабынан курулуш материалдарын ташууда жана жыйноодо, курулуш нормаларын, коопсуздук техникасын жана курулуш аймактарда тазалыкты сактабай, милдеттүү тартипте автотранспорттун дөңгөлөктөрүн тазалоочу (жууган) пункттары жок болуп,  архитектура жана курулуш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактабагандыгына байланыштуу текшерүү актысы менен Укук бузуу жөнүндө протокол түзүлүп, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө Кодексине ылайык, 105 000 сом өлчөмүндө айып пул салынып, мыйзам бузууларды четтетүү жөнүндө эскертме кагазы берилген.

Башкармалык, Бишкек шаарында курулуш иштери жүргүзүлүп жаткан  объектилер боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп тийиштүү иштер алып барууда.