icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Лейлек районунда мыйзамсыз курулган объекттер буздурулууда

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай–коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Лейлек райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан Мыйзамсыз курулмалар аныкталып, Учурда буздуруу аракеттери көрүлүүдө. Буздуруу аракеттери Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги “Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чаралар жөнүндөгү” №109 Жарлыгы, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-мартындагы “Автомобиль жолдорунун жээгиндеги жерлерге (жол тилкесиндеги жана жол боюндагы тилкедеги жерлерде) жол боюндагы тейлөө объекттерин (анын ичинде сооданы) мыйзамсыз  жайгаштырууну алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндө” №56 Жарлыгынын алкагында жүрүүдө.