icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

КР Министрлер Кабинетине караштуу майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча кеңешме болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Бактыяр Станбеков  Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын 2024-жылдын 14-мартындагы № 18-2234 тапшырмасынын негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча кеңешинин кезектеги жыйынына катышты.

Жыйын офлайн жана онлайн форматында видео-конференциялык байланыш режиминде өттү. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Ош шаарынын мэри жыйынга видео- конференциялык байланыш режими аркылуу катыша алды. Аталган жыйында бир нече маселелер көтөрүлүп, талкууга алынды.