icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Байтик айылында жеңил типтеги объекттерди демонтаждоо иштери жүрүүдө

Чүй облусуна караштуу Байтик айылынын кире беришиндеги мыйзамсыз коюлган жеңил типтеги объектилерди демонтаждоо иштери жүрүүдө. Буга чейин Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жетекчиси Ч. С. Мурзакулов төрагалык кылган, Аламүдүн районуна тийиштүү кызматтардын адистеринин катышуусунда, Байтик айыл аймагында «Байтик айылынын кире беришинен узундугу 3300 метрди түзгөн жолду көрктөндүрүү жана жашылдандыруу» долбоорун ишке ашыруу жана соода күркөлөрдү, маалыматтык-жарнамалык жеңил типтеги объекттерди жайгаштырууну тартипке келтирүү (инвентаризациялоо) максатында, аталган райондун аймагына комиссиялык чыгуу уюштурулган.

Комиссиянын жүрүшүндө, убактылуу жеңил объектилердин ээлери тарабынан бир катар мыйзам бузуулар аныкталган, анын ичинде, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын бузуу менен, эч кандай уруксат кагаздары жок соода күркөлөрүн орнотуу маселеси.

Жогоруда айтылган иш-чаралардын соңунда, комиссиялык топтун мүчөлөрү тарабынан объекттердин ээлерине (күркөлөр, тез тамактануу жайлар, жарнак такталары ж.б.) каралып жаткан аймакты баштапкы абалына келтирүү керектиги тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, райондук кызматтар өз ыйгарым укуктарынын чегинде тиешелүү иштерди жүргүзүүгө милдеттендирилген.