icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

КР Мамкурулуштун алдындагы Мамлекеттик экспертиза департаментинин жаңы жетекчиси дайындалды

2024-жылдын 27-март күнү, КР Мамкурулуштун алдындагы Мамлекеттик экспертиза департаментинин жаңы жетекчиси дайындалды

2024-жылдын 27-мартта Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Бакай Турдугулов, Мамлекеттик экспертиза департаментинин жамаатына жаңы жетекчини тааныштырды. 

Акназаров Маратбек Акназарович Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине караштуу Мамлекеттик экспертиза департаментинин директору болуп дайындалды. 

Тиешелүү буйрукка 2024-жылдын 26-мартында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Акназаров Маратбек Акназарович  көп жылдык тажрыйбасы бар куруучу, буга чейин Ош облусунун капиталдык курулуш башкармасынын жетекчиси кызматын аркалап келген.