icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Жарандардын кайрылуулары боюнча, Көк-Жар айылындагы курулуш объектилердин мыйзамдуулугу текшерилди

2024-жылдын 29-март күнү, Көк-Жар конушунун тургундарынын кайрылууларынын негизинде, Кыргыз Республикасынын архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Турдугулов Б.Б., Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин директорунун орун басары Саяков А.Ш., Чүй региондук мамлекеттик архитектуралык-курулуш контролдоо башкармалыгынын (мындан ары-Башкармалык) башчысы Ж.А. Атакеев, борбордук аппаратынын инспекторлору, Башкармалыктын инспекторлору жана шаар куруу жана архитектура боюнча Чүй региондук башкармалыгынын кызматкерлери кирген көчмө комиссия түзүлүп, жаңы салынып жаткан курулуш объекттердин мыйзамдуулугун текшеришти.

Курулуш нормаларын сактабагандарга Башкармалык тарабынан билдирмелер берилип, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аткарбаса  Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө Кодексине ылайык, айып пул салына тургандыгы эскертилди. 

Текшерүүнүн жүрүшүндө комиссиялык топтун толук чечимдери чыкканча, төмөнкү объектилердин курулуш иштери убактылуу токтотулду:

1. Көк-Жар айылынын Кийизбаева көч, 2а дарегинде 8 кабатту турак үйүнүн 4-кабатында курулуш монтаждоо иштери жүрүп жатат. Буйрутмачы Грейтон Групп ЖчК, подрядчы Грейтон Групп ЖчК, долбоордун автору Архи Вижн ЖчК.

2. Алапаев көч, 11 дарегинде жер тилкеси курчалып, бирок курулуш иштери баштала элек.

3. Көлбаев көч, 32 жер тилкеси курчалган, курулуш иштери чуңкур казуу башталган учурда токтотулган.

4. Баялинов көч, 31 9 кабатту турак үйдө 6-кабатта курулуш иштери жүрүдө, буйрутмачы Бий Ком ЖчК, подрядчы Бий Ком ЖчК, долбоордун автору ПФ Горпроект ЖчК.

5. Мадиев көч, 7 дарегиндеги 10 кабатту турак үйдун буйрутмачысы Чуйбатышкурулуш ААК, подрядчы Чуйбатышкурулуш,долбоордун автору Сарз проект ЖчК. 

6. Сейтек турак жайы 10, 12 кабаттуу турак уйлөрү 2 кабатта курулуш иштери жүрүүдө Би-Нур-Строй ЖчК, подрядчы Би-Нур-Строй, долбоордун автору ПС Строй Стиль Проект ЖчК.